Жарыяланган: 02 October 2012
Журналисттер дайым эле белгилүү адамдардын турмуш жолун, баскантурганын жазып, карапайым окурманды да ошого көндүрүп алганбыз. Бул жолу көнүмүш салттан четтеп Кыргызстандын бюджетинин негизги булагы болгон, көбү ошол жакта иштесем экен деп кыялданган Кумтөр кенинде иштеген карапайым кыргыз жигитин каарман кылып алып чыктык. Анткени эл арасында Кумтөргө жумушка кириш үчүн тааныш керек, пара бериш керек деген кептер айтылып калат. Бүгүнкү каарманыбыз Манас Кабаев бардык ийгилик өзүнүн аракети, акылы, билими менен болгондугун, ал жакта иштеген деле оңой эместигин, жакшы-жаман жактарын айтып берди.
– Манас, Кумтөрдө иштеп калганыңа караганда Ысык-Көлдүн кулуну болсоң керек?
– Жок, андай эмес. Мен Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан болом. Ата-энем деле жөнөкөй адамдар. Атам куруучу, апам сатуучу. 2000-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Кыргыз тоо-кен институтуна тапшырдым. Мектепте окуп жүргөн кезимде жайкы каникулда чоң энеме айылга барып калдым. Ал убакта Андаш алтын кенинде чалгындоо иштери жүрүп жатыптыр. Жардыруу иштери болгондо айылга чейин угулуп турчу. Мен ал жардыруудан коркуп чоң энемдин аркасына жашынып калчумун. Кийин өзүм да ушинтип жардыруучу болуп иштейм деп үч уктасам да түшүмө кирбеген. Чоң энем ал жерде кандай иштер жүрүп жатканын айтып, мени коркпосун деп кызыктуу баяндап, Ак-Таш алтын кенинде 1950-60-жылдары өзү иштегени тууралуу айтып берчү. Ошондо эле мен да ошондой жерге иштесем деп калганмын. Ал кезде айлык жөнүндө ойлонуу кайдан. Ачыгын айтканда мен Кумтөргө айлык үчүн эмес, жаш кезимдеги кыялымды орундатуу үчүн эле келдим окшойт. Ушул кесипти тандаганыма дагы бир инсан таасирин тийгизген. Ал чоң атам болду (атамдын агасы). Чоң атамдын кесиби геолог. Мен мектепте окуп жүргөн кезимде чоң атам геологиялык чалгындоо иштери боюнча экспедицияга мени ээрчитип алчу. Ар кандай таштарды тердирип, кен иштерине байланыштуу кызыктуу окуяларды айтып берчү. Ошондон кийин тоо-кен казып алуу иштерине кызыгуум артып ушул кесипти тандадым. Анүстүнө байкем дагы тоо инженери болгондуктан, демек, тоокен инженери болгон жакшы турбайбы деп ойлоп калгам.
Тоо-кен институтунда 3-курста окуганда Кумтөр кени жакшы окугандарды практикага чакырды. Ал жакка анкета толтуруп мен да өтүп кеттим. 2003-жылы алты ай Кумтөрдө практика өтүп, Кумтөр кени менен таанышып, өз мүмкүнчүлүктөрүмдү көрсөттүм.
Окуу жайын аяктап иш таппай жүргөн кезимде Кумтөр менен Жерүй кендери стажерлорду кабыл алары тууралуу жарыя чыгып калды. Эки жакка тең анкетамды толтуруп жөнөттүм. Эки ай өткөндөн кийин Кудай буйруп эки жактан тең бир күндө, болгонда да туулган күнүм болгон күнү чакыруу келди.
Мен Кумтөрдү тандадым. Кумтөрдө 2006-жылдан тарта эки жыл стажер болуп иштеп, анан эки жыл жер кыймылын көзөмөлдөө инженери болуп иштеп, учурда жардыруу жана бургулоо иштери боюнча инженер кызматындамын.
– Жумуш графиги кандай?
– 14 күн эс алып, 14 күн иштебиз. Жумушка кетээрге бир күн калганда жанталашып иштеримди бүтүрүп алууга шашам. Кызым менен баламды каруселдерге, оюн-зоок борборлоруна алып барып сагынычымды таратам. Көбүрөөк үй-бүлөм менен болууга аракет кылып, кечинде уйкусу келип жаткан кызымды уктатпай кыйналып аткан болсо да эркелетип отура берем. Эртең менен 7.30да Бишкектен Кумтөрдүн автобусу бизди алып кетет. Түштөн кийин саат төрттөрдө Кумтөргө жетебиз. Жатаканабыз 3300 метр бийик тикте жайгашкан, иштеген жерибиз 4000-4200 метрлик жерде орун алган. Биринчи барган күндөрү Адам кыйналып, бийиктикке көнбөй, түнү уктай албай, кан басымың жогорулап кыйналасың. Анан 2-3 күндө кайра көнүп каласың.
Менин иш күнүм эртең менен саат 6.15тен кечки 6.15ке чейин созулат. Ортодо 1 саат түшкү тыныгуу. Иш күнү эртең мененки бир күндүн жумуштарын пландаштыруудан башталат. Эртең менен башкы инженер кандай иштерди табыштаса ошол күнү бардыгын аткарууга аракет кылабыз. Карьер инженеринен кайсы жерди жардыраарыбызды билип, ошол жерге долбоор түзүлөт. Долбоордо бургулоо иштери канча метрге чейин болот, кандай аралыкта, канча жардыруучу заттар колдонулушу керек, жардыруу багыты тууралуу маалыматтар болот. Көбүнчө жардыруу түштө өткөрүлөт. Жардыруу алдында бардык кызматкерлерди жана техниканы коопсуз аралыкка чыгарып, киши калбаганы текшерилет. Жардыруу сигналы берилгенден кийин жардыруу аткарылат. Студент кезимде жардырганда жаныбарлар кантет деп таң калчу элем. Азыр алар дагы көнүп калса керек, жардыруу сигналы берилгенде эле дароо учуп кетишет.
– Кумтөрдө биринчи орунга коопсуздук коюлат дегени чын турбайбы анда?
– Кумтөрдөгү иштин жүрүшүнүн тактыгы, тартиптин катуулугу абдан жагат. Иши жок олтурган кишини көрбөйсүң. Бардыгы өз иш ордуларында. Ушундай ишке көнүп калып башка жактарга барганда таң каласың. Кээде бир кишини иш боюнча бир күн кечке күтсөң дагы таппайсың. Бишкектеги ишканаларга барсаң түшкү тамактануусу 2-3 саатка созулуп, жадагалса ал кишини түшкү тыныгуудан кийин көрбөй да каласың. Бул жакта андай иштердин болушу мүмкүн эмес, баары кату көзөмөлдө турат. Мен ойлойм, тартип менен тактык ийгиликке алып келет деп.
– Жумушуңду аябай жакшы көрсөң керек?
– Жаңы үйлөнүп, келинчегим үйгө келгенине 5 эле күн болгондо жумуш убактысы келип калды деп Кумтөргө кетип калганымда элдер таң калышкан. Жаңы үйлөнгөн жигит келинчегинин жанынан чыкпай калчу эле деп. Мен жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылам.
Үй-бүлөңдөн алыс жүргөнүң деле жакшы эмес. Бир кыйынчылык болуп же ата-энең, балдарың ооруп жатса ошол учурда жанында жардам бере албай жатканыңа бушайман болгон күндөр болот. Бирок ушул адистикти тандаган кийин бул шарттарды кабыл алышым керек, баарына көнүшүм керек экенин түшүнөм.
– Тамак-аш жагы
кандай?
– Тамак-аш абдан кенен. Ашканабыз эки бөлүктөн турат. Европа жана улуттук. Майрам күндөрү улуттук тараптан боорсок сыяктуу улуттук тамак-аштарды кошуп беришет. Жыл бою жашылча-жемиштер дасторкондон үзүлбөйт. Көпчүлүк курорттордо да мындай тамак бербейт.
– Эс алууга шарттар түзүлгөнбү?
– Жумуш убактысынан кийин эс алуу үчүн көп шарттар түзүлгөн. Бильярд, теннис, спорт зал, теле зал, интернет, кафе, вай фай. Майрам учурларда артисттер келип концерт коюп беришет. Жыл сайын ден соолукту чыңдоо үчүн профсоюздан жана Кумтөрдөн санаторийлерге путевкалар берилип турат. Кумтөрдө эки намазкана бар. Намазканаларда жумуштан кийин ислам, ыйман жөнүндө баяндар айтылып турат. Орозо убагында атайын орозо кармагандар үчүн ашканадагылар ооз ачуу Жана ооз бекитүү убактыларында өзүнчө тейлешет.
– Мынча күн калды деп күн санайсыңарбы?
– Биз ашкананын кайсы күнү кандай тамактарды берерин жаттап алганбыз. Эгер пельмен Берген болсо үйгө кетээриме 11 же 4 күн калган болот. Баарынан кыйыны бир күн калганда тыбырчылап калабыз. Мен телефонумдагы балдарымдын сүрөттөрүн карап аябай сагынып калганымды сезип калам.
– Тажап кеткен деле күндөр болсо керек?
– Кудай мага бир кыз, бир уулду берди. Бир айдын жарымын жумушта өткөргөнүм үй-бүлөм үчүн кыйын. Кызым “ата сен кечке эле кете бересиңби, качан келесиң?” деп сурай берет. Балдарыңдын кантип чоңоюп жатканын көрбөй каласың. Бир келсең жөрмөлөп жүргөнү, бир келсең басып жүрөт. Анан эле сүйлөп калат. Ушул шарттарга чыдап, моралдык жактан жардам бергени үчүн келинчегиме аябай ыраазымын.
– Жумуш учурунда деле кызыктуу учурлар кездешсе керек?
– Бул жер корук болгондуктан жан-жаныбарлардын коркпой жаныңда жүргөнү бир келгендер үчүн кызык. Аркарлар жатаканабыздын жанына чейин оттоп келип калышат. Санап коебуз түгөлдөп. Түлкүлөр колдон тамак жеп калышкан. Күндө бир жерде күтүп турган болушат. Бир жолу машина менен келе жатып алдыбыздан карышкыр чыгып калды. Жолдун ортосунда турат качпай. Сигнал басып жатам, качпайт. Фотоаппаратымды алып чыгып тартайын десем батарейка отуруп калыптыр.
Бул жакта каскасыз жүргөнгө болбойт да, көнүп калат экенсиң. Бишкекте жүрсөм да үйдөн чыгып жатып башымды кармалап каскам барбы-жокпу деп издей берем. Ошондо үйдөгүлөр күлүп калышат.
Кенде көбүнчө кар жаап, жыл бою эле кыш мезгилиндей. Бир жолу жумушта 21 күн болуп, аябай чарчап бул жактагы кышкы кийимдерим менен Бишкекке кеткемин. Автобустан ошол бойдон түшүп үйдү көздөй бет алсам, элдин баары футболкачан жүрсө бул эмнеге кышкы кийим менен жүрөт деген шектенүү менен милициялар токтотуп алып документтеримди текшеришкен.
– Кумтөрдө кимдер иштей алышат?
– Бул жакта эрки күчтүү, чыдамкай, билимдүү, жөндөмдүү, ден соо лугу космонавтардыкындай адамдар иштей алышат. Тааныш менен, акча берип жумушка кирет дегендерге кошула албайм. Мен тааныгандардын баары өздөрүнүн күчү менен конкурстан өтүп келген карапайым балдар. Андыктан “иштеген – тиштейт” деген макалды Кумтөрдүн кире беришине илип койсо деле жарашат деп айта алат элем.
– Экология бузулуп жатат дегендерге кошуласыңбы?
– Ачык айтсам, Бишкекте экология бузулуп жатат. Бишкектин сыртына чыгып карасаң шаардын үстүн кара түтүн басып алган. Кумтөрдө сейрек кездешкен жаныбарлар жүргөнү баары жакшы экенинен кабар берет.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ
«Жаңы Агым» 28,09,2012