ЭМУЛЬСИЯ ЦЕХИНИН ЖЕТЕКЧИСИ
Жарыяланган: 17 November 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Эмульсия цехинин жетекчиси
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0222
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Эмульсиянын эритмесин даярдоо боюнча технологиялык процессин уюштуруу, жетектөө, контролдоо;
- Цехтин жабдууларын жана агрегаттарын, жана эмульсиондук заряддоо машиналардын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
- Эмульсиялык матрицаны өндүрүү үчүн модулдук түзүлүштөрдү орнотуу жана колдонуу принциптерин билүү;
- Өндүрүштүк жана технологиялык дисциплинаны көзөмөлдөө, пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө. Цехтин жабдууларынын өндүрүмдүүлүк параметрлерин жана чыгарылган продукциянын сапатын камсыздоо;
- Чийки заттарга жана материалдарга билдирмелерди зарыл болгон муктаждыктардын негизинде түзүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Тоо-кен-техникалык (тоо-кен инженери) же химиялык технология жаатындагы жогорку билим;
- Жардыруу иши, өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарды жана КР ченемдик актыларын билүү;
- Компрессордук орнотмолорду оңдоо боюнча слесарь, ЖЗ даярдоо пунктун тейлөө боюнча жумушчу, буу жана суу жылытуу казандарын оңдоо боюнча слесарь, жүк ташуу машиналарды жана жүк жүктөө-ташуу жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, басым астында иштеген идиштерди жана оңдоо боюнча слесарь, электр жабдууларын башкаруу панелдерин оперативдүү тейлөө жана которуу боюнча слесарь, КИПиА слесардын квалификациясы жөнүндө күбөлүк;
- Тоо-кен ишканасында 5 жылдан кем эмес, ошондой эле жардыруу иши жаатында иш тажрыйбасы;
- Англис жана түрк тилдерин билүү;
- Microsoft Office программаларынын пакетин жана компьютерди жакшы колдоно билүү (Power Point, Excel, Word);
- Айдоочунун күбөлүгү B;
- “Жардыруучунун бирдиктүү китепчесинин” же жардыруучунун күбөлүгүнүн болушу;
- Административдик иштин көндүмдөрү жана тажрыйбасы.
Анкета жана резюмени 2021-жыл 01 декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0222
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.