ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
Жарыяланган: 11 August 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын жетекчиси
Билдирүүнүн номери: KGC-22-232
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу;
- Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен иш кагаздардын жүгүртүүсүн камсыздоо;
- Документтер менен иштөө боюнча түзүмдүк жана регионалдык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруу, алардын ишинде уюштуруу жана методологиялык жардам көрсөтүү;
- Иш кагаздарын жүргүзүү;
- Белгиленген тартипте иш кагаздардын, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кабыл алуусун, каттоосун, аткарууга жөнөтүлүшүн жетекчинин тапшырмаларына ылайык аткаруу;
- Негизги иш боюнча буйруктарды, жүктөрдү жөнөтүүгө/алууга ишеним каттарды, мекеменин атынан иш кагаздарды берүүлөрдү, телефонограммаларды жана факсограммаларды каттоо, эсепке алуу жана түп нускаларын сактоо;
- Автоматташтырылган системаларды жакшыртууга байланыштуу иш кагаздар менен иштөөнүн жаңы технологиялык процесстерин киргизүү;
- Чыгыш корреспонденцияны даректерине өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу;
- Жетекчиликтин резолюциясында камтылган контролдук тапшырмалардын өз убагында аткаруусун анализдөө;
- Жетекчиликти маалымдоо үчүн аткаруу дисциплинасынын абалы тууралуу маалымкаттарды, отчетторду даярдоо;
- Келген жана чыккан корреспонденциянын аткарылышын контроль уюштуруу;
- Иш кагаздар менен иштөө маселелери боюнча түзүмдүк жана регионалдык бөлүмдөргө уюмдук, методологиялык, практикалык жардам көрсөтүү;
- Регионалдык бөлүмдөрдө иш кагаздарды жүргүзүүнүн тартибин уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү;
- Ведомстволук архив менен иштөөнү уюштуруу, анын ичинде иштердин номенклатурасы менен иштөө, архивдик иштетүү, сактоо, иш кагаздарын жүргүзүүнү оптималдаштыруу, сактоо мөөнөттөрүнө жараша документтерди жок кылуу да кирет;
- Эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку гуманитардык билим;
- Тиешелүү кесиптик чөйрөдө (иш кагаздарын жүргүзүү) 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- Мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин расмий иш милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү;
- Тиешелүү чөйрөдөгү көндүмдөр жана жөндөмдүүлүктөр;
- Стратегиялык иш пландоону жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонууну билүү;
- Түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
- Кыйын кырдаалдарды чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
- Командада жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана өз ара бааарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
- Кызыкчылыктар конфликтине алып келген көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо жана чечүү;
- Конфликттик жагдайларды жөнгө салуу;
- Мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги ишкердик кат жазышуу көндүмдөрү;
- Компьютердик жана офистик жабдууларды, керектүү программаларды колдонууну билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 26-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-232.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.