ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 15 April 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун геология адистиги боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
- Геология, минералогия жана петрография, стратиграфия жана тектоника негиздерин билүү;
- Микроскоп менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн билүү;
- Графикалык редакторлордун биринде иштөө (AutoCAD, MapInfo ж.б.)
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Чет тилдерди билүү артыкчылык болот;
- Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.
Милдеттер:
- Практиканын биринчи нөөмөтүндө геологиялык иштерди жүргүзүүнүн методдорунун түрлөрү (теориялык жана практикалык курстар) менен таанышуу;
- Кумтөр кенинин иши, Геологиялык чалгындоо башкармалыгынын иши менен таанышуу;
- Ар кандай лабораториялык анализдер үчүн тоо тектерин жана минералдарын тандоого байкоо жүргүзүү жана катышуу;
- Геологиялык карталардын жана участоктордун фрагменттерин ушул максаттарда кенде колдонулган Программалык камсыздоону колдонуу менен түзүүнү үйрөнүү;
- Скважиналардын геологиялык жана геотехникалык өзгөчөлүктөрүн документтештирүүнү жана жер үстүндөгү кен иштетүүнү үйрөнүү;
- Жайкы практиканын жыйынтыгы боюнча акт түзүү үчүн геологиялык материалдарды чогултуу жана үлгүлөрдү чогултуу.
Практиканын шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика
- Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
- Өтүүчү жери – Кумтөр кени
- Графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30–апрелинде 16:00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.