Жарыяланган: 11 January 2025
«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайынын жамааты менен жолугушту.
Жолугушууда ал ишкананын учурдагы милдеттери, жакынкы жылдардагы пландары тууралуу айтып берди. Ошондой эле кен жайынын жумушчуларынын кызыктырган суроолоруна да жооп берди.
Жолугушууда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын башчысы Бузурман Субанов 2024-жылы жетишилген өндүрүштүк көрсөткүчтөр, кыска жана орто мөөнөттүү келечектеги максаттар жана пландар боюнча кеңири маалымат берди.
Андан соң «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси кендеги өндүрүштүк бөлүмдөрдүн, жер астынан алтын казуу долбоорунун, калдык сактоочу жайдын, алтын ылгоочу фабриканын жана карьердеги иштин жүрүшүн инспекциялады.