Жарыяланган: 30 January 2025
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мүдүрлөр кеңеши кен жайда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылга карата ишкананын иш-аракеттеринин жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жыл жана кийинки жылдарга карата пландар жана тапшырмалар талкууланды. Иш-чаранын алкагында кен жайдын, алтын ылгоочу фабриканын жана ишкананын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угушту.
Компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов 2021-жылдын май айынан 2024-жылдын декабрь айына чейин, сырттан башкаруунун киргизилиши жана Кумтөр кенинин Кыргыз Республикасынын карамагына өтүшү менен 54 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөнүн белгиледи. «Бул мезгил аралыгында таза кирешебиз 1,2 миллиард АКШ доллардан ашып, 2021-жылдын май айынан 2024-жылдын декабрына чейин салык жана башка төлөмдөр аркылуу казынага 800 миллион доллардан ашык акча төлөндү. Азыр биз алдыга дагы маанилүү максаттарды коюп, аларды ишке ашыруу үчүн биргеликте иштеп жатабыз», – деди ал.
Ишкананын мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү Кумтөр кен жайындагы иш процесстерин текшеришти. Алар кендин карьерлеринде болуп, алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоордун ишке ашырылышы, оор техникаларды оңдоп-түзөө цехинин иши, алтын ылгоо фабрикасы жана май куюу комплексинин абалын карап чыгышты.