ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨРДӨ ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯДАГЫ ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨРДӨ ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯДАГЫ ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Жарыяланган: 16 December 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жана ишкананын кызматкерлеринин ортосунда жаңы редакциядагы Жамааттык келишимди кабыл алууга арналган конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө «Кумтөр Биримдиги» кесиптик бирлигинин төрагасы Саламат Калмакиев 2023-2024-жылдардагы Жамааттык келишимдин аткарылышы боюнча отчет берип, 2025-2027-жылдардагы жаңы келишим боюнча маалымат берди.

Аталган документте кызматкерлердин эмгек акысы, эс алуу убактысы, эмгекти коргоо, кызматкерлердин ден соолугуна байланыштуу милдеттенмелер, социалдык жеңилдиктер сыяктуу шарттар каралган.

«Кумтөр Голд Компанинин» башчысы Алмазбек Барыктабасов «Кумтөр Биримдиги» кесиптик бирлигинин төргасы Саламат Калмакиевге үзүрлүү жана тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматкерлеринин укугу, талабы бекитилген бул документ абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Мурдагы Жамааттык келишимдер менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Азыр биз кызматкерлерибиз үчүн баардык шарттарды түзүүгө аракет кылуудабыз. Анткени, Кумтөрдүн башкы байлыгы бул силерсиңер! Адам ресурстары туруктуу, ийгиликтүү жана коопсуз өндүрүштүн кепилдиги болуп болуп саналат.

Эң башкысы бөөдө кырсыктан тышкары болуп, өлкөбүздө тынчтык болсо, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан коюлган баардык милдеттерди сөзсүз ишке ашырабыз» – деди Алмазбек Барыктабасов.