ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨР КАРКЫРАГА 332 МИҢ КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨР КАРКЫРАГА 332 МИҢ КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Жарыяланган: 20 May 2024

Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген жалпы республикалык “Жашыл мурас” бак тигүү өнөктүгүн “Кумтөр Голд Компани” быйыл дагы кызуу колдоого алды.

Өнөктүктүн алкагында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Түп токой чарбасынын аймагындагы 300 гектар жерге Кумтөр тарабынан сатылып алынган Тянь-шань карагайынын 152 300, кызыл карагайдын 116 700, ак кайыңдын 29 000 даана көчөттөрү отургузулду.

Буга чейин компания кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир канча жеринде миңдеген көчөттөр тигилгенин, муну менен эле чектелбей ири экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга аракеттер көрүлүп жатканын айткан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жетекчиси Алмазбек Барыктабасов:

“Өндүрүштүк ишмердүүлүктөн келип чыккан экологиялык көйгөйлөр адамзат турмушуна чоң коркунуч туудуруп жатканы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы! Планетабыздын экосистемасы тездик менен өзгөрүп жатканына күн сайын күбө болуудабыз. Сел каптоо, жер көчкү, кургакчылык – мунун баары адамдын иш-аракеттеринин натыйжасы! Учурда эл аралык коомчулук өндүрүштүн айлана чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга чечкиндүү аракеттерди көрө баштады. “Кумтөр Голд Компани” дагы четте карап турбастан, экологиялык долбоорлорду активдүү ишке ашырып келет.

Быйыл компаниябыз узак мөөнөттүү “Экосезим” деп аталган экологиялык ири долбоорду баштады. Дал ушул “Жашыл мурас” өнөктүгүн “Экосезим” акциясына айкалыштырып, Кумтөр ишканасы ар бир кыргызстандыктын экологиялык сезимин ойготууга чакырык таштады”,-деди.

Кошумчалай кетсек, өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү – “Кумтөр Голд Компанинин” экологиялык саясатынын эң маанилүү бөлүгү. Бул багытта 2023-жылы август айында Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу ачылып, Жети-Өгүздүн Саруу айылында желим заттарды кайра иштетүүчү цехке колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, келечекте Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү пландалууда. Ошондой эле кен жайда желим баштыктарды колдонууга толугу менен тыю салынды.