Жарыяланган: 13 December 2024
Өндүрүш тармактарындагы ачыктык демилгесинин (ӨТАД) өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча негизги маселелер талкууланды.
«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын иши тууралуу айтып берип, жалпы бул процесстердин ишенимди бекемдөө жана корпоративдик ачыктыкты жакшыртуу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле компания отчетторду жакшыртуу операциялардын ачыктыгын камсыздоо жана өндүрүштүк, экологиялык жана социалдык стандарттарды сактоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын айтты.
Алмазбек Барыктабасов «Кумтөр Голд Компани» тарабынан мамлекеттик органдар жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча жасалып жаткан негизги кадамдарды белгиледи.
ӨТАД башкармалыгынын төрайымы Хелен Кларк кен иштетүүчү ишкананын демилгелерине колдоо көрсөтүп, бардык тармактарда ачыктыкты арттыруу боюнча кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.