ФОТОРЕПОРТАЖ — «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРГА 2 МИҢ АЗЫК-ТҮЛҮК БАШТЫГЫН ТАРАТТЫ

ФОТОРЕПОРТАЖ — «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРГА 2 МИҢ АЗЫК-ТҮЛҮК БАШТЫГЫН ТАРАТТЫ

Жарыяланган: 03 December 2024

3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүн утурлай «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ысык-Көл жана Нарын облустарында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2000 даана азык-түлүк баштыктарын таратты.

Өлкөдөгү эң ири өнөр жай ишканасы жана №1 салык төлөөчү катары «Кумтөр Голд Компани» социалдык жактан аялуу катмардагы жарандарга жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берип келет.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын вице-президенти Улукмырза Абакиров сөз сүйлөп: «Мындай кайрымдуулук акцияларын өткөрүү биздин компанияда салтка айланган. Өлкө жетекчилиги тарабынан элдин бакубатчылыгын арттыруу боюнча абдан көп аракеттер жасалууда. Алдыңкы тоо-кен ишкана катары Кумтөр дагы бул иште четте карап турбай, баардык күч аракетин жумшап келет», – деди.

Эске сала кетсек, Нарын жана Ысык-Көл облусунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына 2022-жылы 2580, 2023-жылы – 2040 даана азык-түлүк баштыктары таратылган.

Маалымат үчүн: 1992-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 47/3 резолюциясы менен 3-декабрды “Майыптардын эл аралык күнү” деп жарыялап, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө майыптардын укуктарын коргоого, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.

Белгилей кетсек, дүйнөдө 1,3 миллиард адам (бул дүйнөдөгү ар бир алтынчы адам) майыптыктын ар кандай түрү менен жабыркап келишет.

Майыптардын эл аралык күнүн белгилөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга, алардын кадыр-баркын, укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого жана коомдун көңүлүн бурууга багытталган.