КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУСУ
Жарыяланган: 27 July 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Кырсыктан сактоо кызматынын өрт өчүрүүчү-куткаруучусу (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-208
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Атайын агрегаттарды, механизмдерди, изоляциялык түзүлүштөрдү колдонуу менен өрттү өчүрүү, адамдарды куткаруу, материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо, конструкцияларды ачуу жана демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- Авариялык-куткаруучу, өрт-техникалык куралдарды жана жабдууларды жакшы абалда кармоо, атайын даярдыкты талап кылбаган, техникалык тейлөө, сыноо жана кемчиликтерди жоюу иштерин аткаруу;
- Жумуш үчүн радио жана сүйлөшүү каражаттарын колдонуу;
- Ишкананын өздүк курамы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сабактарды, инструктаждарды өткөрүү;
- Жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
- Кырсык болгон жерден жабыркагандарды ташуу;
- Өрттөрдүн, авариялардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу же алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку (кесиптик орто) билим;
- Белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр менен тастыкталган ар кандай багыттар боюнча кошумча билимдин болушу, анын ичинде ар кандай инженердик жабдууларда, механикалаштыруу куралдарында иштөөгө уруксаттар берүү боюнча билими кубатталат;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн жана сертификаты бар куткаруучу статусуна ээ болуу кубатталат;
- В жана С категорияларындагы айдоочулук күбөлүк;
- Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
- Ишти өз убагында бүтүрө билүү, максатка умтулуу, кунт болуу, стресске туруктуу болуу жана баарлашуу жөндөмү болуу;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 09-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-208
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.