ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Саламаттыкты, эмгекти жана өндүрүштүк коопсуздукту сактоо бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү): Эмгекти коргоо жана тиричилик аракеттеринин коопсуздугу, Өрт коопсуздугу;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office, AutoCAD программаларын билүү;
  • Өрт коопсуздугунун нормативдик документтерин жана талаптарын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өрт сигнализациясынын борбордук пультун көзөмөлдөө боюнча, өрттү аныктоо жана өчүрүү системаларын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча, автоматтык өрт сигнализацияларын жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо боюнча, өрт өчүргүчтөрдү, өрт крандарын, өрт гидранттарын жана өрт насосторун текшерүү, өрт өчүргүчтөрдүн техникалык тейлөөсү жана кайра иштетүүсү боюнча, ошондой эле ӨК боюнча локалдык ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча окуулардан өтүү;
  • Автоматтык өрт сигнализациясынын жана өрт өчүрүү системасынын ишин жана натыйжалуулугун талдоо, жетекчисине өрт аныктоо жана өчүрүү системасын жакшыртуу, жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды берүү;
  • Бөлүмдүн жетекчилигине иш-чараларды өткөрүүгө, ден соолукту, эмгекти жана өндүрүштүк коопсуздукту сактоо боюнча иштерди аткарууда жардам көрсөтүүгө;
  • Отчеттуулукту жана документтерди белгиленген формада толтуруу;
  • Зарыл учурда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инженерлерге жардам көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.