АТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
АТКАРУУЧУ АДМИНИСТРАТОР
Билдирүүнүн номери: KGC-21-79
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын башкаруучусуна жана компаниянын жогорку кызмат адамдарына күн сайын жардам берүү;
- Күн тартибин, зарыл документтерди даярдоо, документтерди тиешелүү түрдө тариздөө жана жолугушууларды өткөрүү үчүн бардык зарыл даярдыкты жасоо;
- Компания башкаруучунун иш графигин координациялоо, жолугушууларды уюштуруу, оозеки жана жазуу жүзүндө которуу;
- Компаниянын ар кандай бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кызмат адамдары менен, жана ошондой эле башка уюмдар жана бирикмелер менен жумушту координациялоо;
- Жетекчинин бизнес-тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле аларды контролдоо;
- Компаниянын административдик саясатын жана жол-жоболорун ишке киргизүү жана координациялоо;
- Кириш жана чыгыш иш кагаздарын жана документтерди каттоо, талаптагыдай сактоо, талдоо жана бөлүштүрүү. Компаниянын башкаруучусунун архивин жүргүзүү;
- Компаниянын жетекчилигинин атынан келүүчүлөрдү, телефон чалууларды, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана башка зарыл иш-аракеттерди аткаруу;
- Компаниянын аткаруу комитетинин жыйналыштарына катышуу, жолугушуулардын протоколдорун жүргүзүү;
- Зарыл учурда Өкмөттүн жана/же парламенттин жолугушууларына катышуу;
- Ишкердик этиканы жана жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку билимге ээ болуу;
- Аткаруучу администратор/жеке жардамчынын кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
- Катчылык жана административдик ишти мыкты билүү;
- Компьютерди (MS Office) жакшы билүү;
- Жазуу жана оозеки котормо көндүмдөрү: орус-кыргыз-англис тилдерине;
- Мыкты өз ара баарлашуу жана аналитикалык көндүмдөргө ээ болуу;
- Өзүн алып жүрүү, натыйжалуу иштей билүү, уюшумдуу, демилгелүү болуу.
Анкета жана резюмени 2021-жылдын 14-июну саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-79
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.