АДАМ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ ДИРЕКТОРУ
Жарыяланган: 19 August 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Адам ресурстарын башкаруу директору
Билдирүүнүн номери: KGC-22-234
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (мындан ары «КГК» же «Компания») администрациясынын ишине жалпы жетекчилик кылуу жана башкаруу;
- Персоналды башкаруу бөлүмүнүн, персоналды өнүктүрүү бөлүмүнүн, медициналык бөлүмдүн, Бишкек шаардык кеңсесинин администрациясынын, Иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана координациялоо;
- Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек милдеттерин аткаруу.
- Компаниянын карьералык өсүү, кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштуруу боюнча бирдиктүү кадр саясатын жүзөгө ашыруу;
- Өз компетенциясынын алкагында Компаниянын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүү планын иштеп чыгууну уюштуруу;
- Ишкананын структурасын жана штатын иштеп чыгуу;
- Компаниянын максаттарына жетүүгө багытталган функционалдык анализ, иш процесстерди оптималдаштыруу боюнча өз компетенциясынын алкагында иштерди жүргүзүү;
- Компаниянын жумушчуларынын кызматтык инструкцияларын жана түзүмдүк бөлүмдөрү тууралуу жоболорду иштеп чыгууну координациялоо;
- Сунуштарды, жаңы инновациялык идеяларды, компаниянын өнүгүү перспективалары боюнча долбоорлорду өз компетенциясынын алкагында иштеп чыгуу жана Компаниянын жетекчилиге сунуштоо;
- Башкаруунун заманбап технологияларын ишке киргизүүнү, анын ичинде иш процесстерин электрондук башкаруу форматына өткөрүүнү уюштуруу;
- Финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну камтыган колдоо көрсөтүү милдетин ишке ашыруу;
- Жумушчулардын потенциалын жогорулатууну камсыздоо;
- Кызматкерлерди материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо механизмдерин иштеп чыгуу;
- Аткаруучулук жана эмгек дисциплинасын ишке ашыруусун жана анын абалы үчүн жоопкерчиликти мойнуна алуу;
- Таламдардын каршы келишин алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
- Кадр жана административдик маселелер боюнча Компаниянын башка бөлүмдөрү жана башка уюмдар менен өз ара иштешүү;
- Тапшырмалар менен буйруктарды белгиленген мөөнөттөрүндө аткаруу;
- Компаниянын жумушчуларынын жеке маалыматтары менен иштөөдө купуялуулук эрежелерин сактоо;
- Өзүнүн кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатуу;
- Компания тарабынан каралган окуу курстарынан өтүү;
- КГКнын талаптык ченемдерин жана эрежелерин сактоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Адам ресурстарын башкаруу директордун кызматына жогорку билими бар жана 12 жылдан кем эмес тиешелүү иш тажрыйбасы бар адам дайындалат;
- Ири эл аралык өндүрүштүк компанияларда, негизинен, тоо-кен тармагында иш тажрыйбасы болуу;
- Төмөнкүлөр боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу: жумуш кызматтарын баалоо методологиясын (грейддерге бөлүү) жана сый акы төлөө (компенсациялар жана жеңилдиктер, EVP) системасын киргизүү; HR брендинг иши; жогорку жетекчилик персоналын тандоо; бизнес-процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу; өндүрүштүк топтордо корпоративдик баалуулуктарды жайылтуу;
- Башкаруу ишинин негиздери (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, мотивациялоо, мониторинг жүргүзүү, баалоо жана контролдоо);
- Компаниянын персоналын комплекстүү башкаруу үчүн зарыл болгон теориялык жана колдонмо билимдер;
- Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
- Жеке кызыкчылыктардын пайда болушуна жол бербөө же таламдардын каршы келишин чечүү боюнча чараларды көрүү;
- Стратегиялык көндүмдөр: өз компетенциясынын алкагында актуалдуу маселелер боюнча кол алдындагы жумушчуларга максаттарды коюу жана тапшырмаларды берүү; стратегия түзүү; түзүмдүк бөлүмдөрдүн пландарын түзүү;
- Жагымдуу моралдык-психологиялык климат түзүү; каада-салттарды сактоо; кол алдындагы жумушчуларга жардам берүү;
- Стратегиялык башкаруунун жана пландаштыруунун, иш процесстерин талдоо жана оптималдаштыруу, жана функционалдык анализдин негиздери;
- Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- Персоналдын ишинин натыйжалуулугун талдоо жана болжолдоо ыкмалары;
- Ишкердик баарлашуу этикасын жана сүйлөшүүлөрду жүргүзүү эрежелерин жана ички иш тартибин, ошондой эле эмгекти коргоо жана өрт коопсуздук талаптарын билүү;
- Стратегиялык пландаштыруу, статистикалык талдоо жана өндүрүштүк/уюштуруу маселелер менен чечимдерди ыкчам кабыл алуу жөндөмдөрү болуу;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле эмгек мыйзамдарын билүү;
- Мамлекеттик, расмий тилдерди билүү, англис тилинде эркин сүйлөө;
- Кыйын кырдаалдарды чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
- Мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги ишкердик кат жазышуу көндүмдөрү;
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Кызмат орду: Кыргыз Республикасы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-234.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.