ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА КООПСУЗДУК ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРДИН ОРУН БАСАРЫ
Жарыяланган: 13 April 2022
Жабык
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча менеджердин орун басары (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-128
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Түзүмдүк бөлүмдөрдө жана объекттерде эмгектин коопсуздугун камсыз кылуу жана эмгекти коргоо иш-чараларын жүргүзүү максатында бөлүмдүн ишин уюштуруу;
- Түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо;
- Иш ордунда эмгек шарттарын изилдөө, кырсыктарды жана инциденттерди иликтөө жана талдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле негизги технологиялык процесстерди жана өндүрүш режимдерин билүү;
- Эмгекти коргоо боюнча иштерди уюштуруунун тартибин, эмгекти коргоонун стандарттарынын системасын жана кырсыктарды иликтөөнүн тартибин билүү;
- Эмгекти коргоо боюнча чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 28-апрель саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-128.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.