ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы»;
- Эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана тобокелдиктерди башкаруунун теориялык негиздери боюнча билимдер;
- Жоопкерчилик, деталдарга көңүл буруу, тартиптүүлүк жана жогорку жоопкерчилик шарттарында иштей билүү;
- Нормативдик документтер менен иштей билүү;
- Компьютердик программалар менен иштөө боюнча негизги көндүмдөр (MS Office, Excel);
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Рудникте эмгекти коргоо, ден соолук жана коопсуздук боюнча нормативдик-укуктук актылар менен таанышуу;
- Рудниктин ар кандай участокторунда эмгек шарттарын талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
- Тобокелдиктерди баалоо жана аларды азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча материалдарды даярдоого жардам берүү;
- Өндүрүштүк жаракаттардын жана оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу;
- Иш орундарында окуяларды көзөмөлдөө жана эсепке алуу системасы менен таанышуу;
- Эмгекти коргоо боюнча суроолор боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана системалаштыруу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.