КУРУЛУШТА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА ИНЖЕНЕРИ (КУМТӨР КЕНИНДЕ)
Жарыяланган: 30 August 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Курулушта техникалык көзөмөлдөө боюнча инженери (Кумтөр кенинде)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0147
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмдөрүнүн, мөөнөттөрүнүн жана сапатынын, ошондой эле долбоордук-сметалык документтер менен бекитилип колдонулган матераилдардын, курулмалардын сапатынын, жумушчу чиймелеринин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, стандарттарынын, техникалык шарттарынын, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелеринин, өрт коопсуздук талаптардын сакталышын контролдоо;
- Аткаруу документтеринин аткарылышын көзөмөлдөө, бүткөрүлгөн курулуш -монтаждоо иштерин эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн керектүү маалыматтарды даярдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Өнөр-жай жана жарандык курулуш багытында жогорку билим;
- Курууга көзөмөл боюнча инженердин кызматында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- “Инжиниринг кызматтары боюнча адистиги” квалификациялык сертификатына ээ болуу;
- Инженердик курулуш объектилерин изилдөө боюнча тажрыйбасы жактырылат.
Анкета жана резюмени 2021ж. 12 сентябрь саат 16.00 чейин HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0147 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.