Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

06.07.2011 Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды

Ысык-Көл областынын Тоң айылында бала бакча ачылды Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тоң айылында бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын реконструкциясы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен жүргүзүлгөн. Алтын өндүрүүчү ишкана бала бакча үчүн жабдууларды: тиричилик техникасын, оюнчуктарды, биринчи зарылчылыктагы буюмдарды сатып алууга жардам берди. Бала бакчанын салтанаттуу ачылышында айылдын элинин жарымынан көбү чогулду, а жергиликтүү балдар анча чоң эмес концерт даярдашкан. Ыңгайлуу жана толук жасалган имарат сентябрда бөбөктөрдү кабыл ала баштайт. Ысык-Көл областынын Тоң районунда быйылкы жылдан баштап «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» (КОК) финансылык колдоосу менен тогуз социалдык долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатканын белгилеп коелу. Иш ЮНИФЕМ («БУУ-Аялдар») эл аралык уюму жана жергиликтүү бийлик, ӨЭУлар менен бирдикте жүргүзүлүүдө. «Кумтөр Оперейтинг Компани» долбоордун алкактарында Тоң районунун айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чакан гранттар программасын жүзөгө ашырууга 130 миң АКШ долларын бөлгөн. Өз кезегинде «БУУ-Аялдар» фонду өзүнө чакан гранттарды алуучулардын долбоорлорунун конкурсун уюштурууну жана өткөрүүнү алган. Конкурстун жыйынтыктары боюнча бирдей бюджети – 10 миңден АКШ доллары болгон тогуз долбоор тандалып алынган. Тоң айылында бала бакчанын ачылышы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансылык колдоосу менен Тоң районунда жүзөгө ашырылган тогузунчу социалдык долбоор болуп калды. Алтын өндүрүүчү компаниядан алынган гранттын суммасына Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун каражаттары да кошулду, ал фонддун бюджети да «Кумтөр Оперейтинг […]

29.06.2011 Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү 2011-жылдын 29-июнунда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райондун жетекчилигинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү. Анда “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өкүлдөрү катарында регион менен байланыштар боюнча менеджер Керим Шатманов жана финансы жана эсеп бөлүмүнүн менеджери Рысбек Токтогул болушту. Регионалдык комитеттин жыйынында алтын өндүрүүчү ишкананын колдоосу менен ачылып жаткан «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин ишинин уюштуруу маселелери талкууланды. Жаңы микрокредиттик мекеменин жетекчиси кызматына талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүлдү, өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин директору тандалып алынды. «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттиги Тоң районунун калкынын финансы каражаттарына жетишүүсүнүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулган, бул өз кезегинде райондун экономикасын, жеке ишкердикти жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

17.06.2011 Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү

Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү 2011-жылдын 13үнөн 16-июнуна чейин Чолпон-Ата шаарында Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин “Валидациядан кийин: КТАДдын болочогуна көз жүгүртүү менен” деген аталыштагы Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Монголиянын, Тажикстандын өкүлдөрү катышышты. Үч күн аралыгында катышуучулар тажырыйба алмашышты жана алар туш келип жаткан тоскоолдуктар жөнүндө айтышты. Конференциянын меймандары алардын КТАД чөйрөсүндөгү мыйзамдары кыргызстандык мыйзамдардай өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алышты. Чыгып сүйлөгөндөр ачыктык – бул жакшы нерсе экендиги боюнча бир пикирде болушту. – Ачыктыктан улам тоо кен ишканалары жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен диалогду жолго кое алышты. Жергиликтүү жамаат жана калк ишканалар экономиканын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатышканын билиши керек. Бул биз үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу, – деп эсептейт «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов. – Биз бул демилгени Кыргызстанда жүзөгө ашыруунун башаттарында турдук, биринчилерден болуп КОКтун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жарыялоого кириштик. Компания КТАДга кошулгандан баштап эле ачык болуп калды, мурда келип чыгуучу бир катар маселелерди дароо эле алып салууга мүмкүн болду. Ачыктык демилгесин сөзсүз өнүктүрүү керек. Болочокто, компаниялар сыяктуу эле, жергиликтүү бийликтер алар алышкан акчаларды кантип жумшап жатышканын түшүндүрүү менен калктын астында отчет бериши керек. Эл аралык […]

13.06.2011 2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү.

2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү. 2011-жылдын 11-июнунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Тосор айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен Жанек баатырдын кубогуна уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү. Бул турнир экинчи жолу өткөрүлүүдө, бирок бул жылы катышуучулардын чөйрөсү алда канча кеңейди. Республиканын бардык жагынан жана кошуна Казакстандан эки жүзгө жакын спортчулар келишти. 60 килограммга чейинки салмакта биринчи орундарды Тосор айылынан Дмитрий Пучин, Тоң айылынан Жаныбек Талайбеков, ОРБУСМнун тарбиялануучусу Бакыт Эгембердиев, Ош шаарынын жашоочулары Сагымбай уулу Байман жана Мамыт уулу Жакшылык ээлешти. А 73 килограммга чейинки салмактарда биринчи орундарды токмоктук Боробай уулу Нурсултан, тосорлук Фахритдин Аматов, Бишкек гуманитардык университетинин өкүлү Эрмек Сариев ээлешти. Тосордун жаштары биринчи жолу пьедесталга көтөрүлгөнүн белгилей кетели. Жалпы кубанычка жараша турнирдин кубогу Тосордо калды. Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча Улуттук федерациясынын вице-президенти, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү Эмил Рыскулов турнирдин символун Тосор айылынын курама командасына салтанаттуу тапшырды. Ал тосорлуктарда кийинки жылга чейин сакталмакчы. – Жети-Өгүз районунда спорт тез өнүгүүдө, – деп айтты «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов. – Биздин компания региондо спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Биз спорт аянтчаларын калыбына келтирүүгө, спорттук залдарды ремонттоого жардам берип жатабыз. Бул жаш муун максатсыз […]

18.05.2011 Норвегиялык профессорлор “Кумтөр” кен ишканасында болушту

Норвегиялык профессорлор “Кумтөр” кен ишканасында болушту 2011-жылдын 17-майында норвегиялык эки профессор – Норвегиянын Техникалык университетинен Ричард Синдингларсен жана Тромсё университетинен Коре Кюллерюд Кыргыз техникалык университетинин Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунан коллегалары менен бирдикте алтын өндүрүүчү “Кумтөр” кен ишканасында болушту. Норвегиялык окумуштуулар Кыргызстанга Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун бүтүрүүчүлөрүн Норвегиянын ЖОЖдорунда окутуу боюнча эл аралык долбоорду жүзөгө ашырууга даярдоонун алкактарында келишкен. Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун директору Курам Таштаналиевдин айтуусу боюнча, алардын окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү негизинен “Кумтөрдө” иштөөгө багыт алышат. Мына ошондуктан өлкөнүн алдыңкы тоо-кен ишканасында болуу норвегиялык окумуштуулардын иш сапарынын программасынын маанилүү пункту болуп калды. Коноктор “Кумтөрдөгү” өндүрүштүн масштабдарына таң калышты. Профессор Ричард Синдингларсен өзүнү таң калуусун жашырган жок: – Бул өтө зор экендигин айтуу – эч нерсе айтпоого жатат. Тоолор, кен ишканасы, жабдуулар – мунун баары өтө масштабдуу, күткөндөн алда канча таасирдүү болуп чыкты. Мен, геолог катарында, бул жерден көрүп турган бардык техникалар өтө заманбап, баары биздин мезгилдин акыркы технологиялары боюнча көрүп турам. Өндүрүштүн деңгээли, коопсуздук техникасы жана экология маселелери эл аралык стандарттарга ылайык келет. “Кумтөрдү” руда казып алуу жана колдонулган технологиялары боюнча Норвегиянын кен ишканалары менен салыштыра алам. Мен, мисалы, биздин ири темир кен ишканасынан айырмачылыктарды байкаган жокмун. Ал жердин географиялык жайгашуусу болбосо – анда […]

13.05.2011 2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары “Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2011-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 164 167 унция1  же 5 106 кг алтын өндүрүлдү. Жыл башынан бери компания 52 млн. доллардан2 ашуун суммада  салыктарды  жана милдеттүү төлөмдөрдү которду. Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” кенинде 164 167 унция алтын өндүрүлдү. Алтын өндүрүү планы 2010-жылдын аягында жасалган руданын запастарынан, рудадагы металлдын жогорку курамынан жана бөлүп алуу пайызынын өсүшүнөнө улам 2011-жылдын I кварталында ашыгы менен аткарылды. Бирок, 2011-жылдын I кварталында өндүрүштүн көрсөткүчтөрү 2010-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 16 395 унцияга төмөн болду, ал алтын ылгоочу фабрикадагы пландуу ремонт иштеринин жүргүзүлүшү менен түшүндүрүлөт. 2011-жылдын I кварталында фабрикага берилип жаткан рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 4,12 граммды, ал эми бөлүп алуу пайызы – 82,6%ды түздү. 2011-жылдын I кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 166 145 унцияны же 5 167,69 кг түздү. Бул мезгилдеги алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 384  долларды, ал эми алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 229,9 млн. долларды түздү.  “Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы Доре куймалары болуп саналат, алар “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” […]