Акыркы мезгилде өлкөнүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан биздин компаниянын дарегине өтө терс жана кутумчул мүнөздөгү асылуулар жана айыптоолор көбөйдү, алар компаниянын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө жана анын ишкер беделине шек келтирүүдө. Мына ушуга байланыштуу биз, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери, буга өтө тынчсыздануудабыз жана өзүбүздүн конституциялык укугубуздан пайдалануу менен сындоолорго жана Кумтөр кен ишканасында болушкан депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү көтөрүшкөн маселелерге карата өз пикирибизди жана жарандык позициябызды билдиргибиз келет. Көпчүлүгүбүз кен ишканасында 15 жылдан ашуун убакыт иштеп келебиз жана алтынды казып алууга байланышкан иштер кантип жүргүзүлүп жаткандыгы жана компания тарабынан эмгектин коопсуздугу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча канчалык жогорку стандарттар белгиленгендиги жана сакталып жаткандыгы боюнча имиштерден жана илимий журналдардан эмес, өз көзүбүз менен көрүп билебиз. Андан тышкары, биздин компаниянын айрым адистери чет өлкөлөрдөгү жана КМШ өлкөлөрүндөгү алтын казып алуучу компанияларда иш тажрыйбасына ээ болушкан жана Кумтөрдөгүдөй иштин уюштурулуусу жана шарттары бар, технологиялык процесс дайыма өркүндөтүлүп турган ушундай ишкана азыркы учурда бирди-жарым эле экенин моюнга алышат. Кумтөр Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүнүн негизги булагы болуп санала тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Статистикалык маалыматтарга ылайык, биздин компания Ысык-Көл областынын гана эмес, ошондой эле бүткүл өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошууда. Кумтөр чет элдик валюта резервдеринин көбөйүүсүнө жана […]