Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

19.11.2013 «Айыл Банкта» Кыргызстандын элет калкын колдоо үчүн «Кумтөр-Чакан» микрокредиттик линиясы ачылды

Элет калкын колдоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынан демөөрчүлүк жардамдарды оптималдаштыруунун алкактарында «Кумтөр-Чакан» атайын кредиттик продуктысы аркылуу элет жериндеги калк арасында жеӊилдетилген микрокредиттөө долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча агент катары «Айыл Банк» ААКсын тандап алуу чечимине келди. Бул чечим «Айыл Банктын» айыл жашоочулары үчүн кредиттерди берүү чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы, ошондой эле өлкөнүн бардык региондорундагы жарандарды кредиттер жана башка банк кызматтары менен максималдуу камтууга мүмкүндүк берүүчү анын кеӊири регионалдык тармагы менен негизделген. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын «Ала-Тоо Финанс» МКАсынан «Айыл Банк» ААКсына берилип жаткан демөөрчүлүк жардамынын эсебинен ресурстардын көлөмү 808 млн. жакын сомду түзөт. Областтык микрокредиттик агенттиктердин аракеттеги кредиттик портфели түрүндө дагы 70 млн. жакын сом кийинчерээк берилмекчи. Активдерди (акча каражаттарын жана кредиттик портфелди) толук алгандан кийин банк «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын каражаттарынан жеӊилдетилген кредиттер түрүндө ай сайын болжол менен 100 млн. сомдон берүүнү пландаштырууда. Башкача айтканда, 2-3 миӊдей адам ай сайын кредиттерди алмакчы. Мына ошентип, бардык алынган каражаттар 8-9 айда жайгаштырылмакчы. «Кумтөр-Чакан» кредиттик продукт элет калкынын социалдык аялуу катмарларына жеӊилдетилген финансы каражаттарына жеткиликтүүлүктү берүү үчүн түзүлгөн. Мында «Айыл Банк» бул продуктынын алкактарында кредиттерди Кыргызстандын банк мекемелеринин арасынан жагымдуу шарттар – 5 миӊден 50 миӊ сомго чейин, 1 жылдык мөөнөткө 10% жылдык […]

30.10.2013 «Кумтөр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы маалымат бюросу эми жаңы даректе жайгашкан

«Кумтөр» компаниясынын Балыкчыдагы маалымат бюросу орун которду жана эми Фрунзе көч. 372 А дарегинде жайгашкан. Жаңы имаратта маалымат бюросу менен катар эле «Балыкчы финанс» микрокредиттик компаниясынын офиси, ошондой эле «АВЕП» өнөктөштүк уюмунун жетекчилиги астында иштеп жаткан туристтик борбор да бар. Компаниянын маалымат бюросу узак жылдар бою бош турган эски дүкөндүн имаратына жайгаштырылды. Ал ремонттолуп, техника жана зарыл эмерек менен жабдылды. «Мурда биздин маалымат бюробуз Балыкчы өткөөл базасынын территориясында болчу. Бул адамдарга анча ыңгайлуу болбогон, анткени шаарды кыдырып өтүүгө туура келчү. Биз эми аны бул жакка көчүрдүк жана биздин ишибиз жөнүндө маалымат көп адамдар үчүн жеткиликтүү болуп калат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер. Ал борбордун базасында областтын жашоочулары үчүн бизнес-пландаштыруу боюнча тренингдер жана компаниянын кызматкерлери үчүн ар кандай окутуучу семинарлар өтө тургандыгын да билдирди. Дээрлик эки жылдан бери иштеп жана жергиликтүү калкка кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берип келе жаткан «Балыкчы Финанс» микрокредиттик уюмунун офиси да кеңейтүүгө муктаж болчу. Компаниянын салымдарынан улам кардарлар эми жаңы офиске тез жете алышат, ал шаардын башкы көчөлөрүнүн биринде ыңгайлуу жайгашкан. «Кумтөр» компаниясынын Маалымат бюросунун кызматкерлери менен төмөнкү телефон боюнча байланышууга болот: 0 (775) 971201