Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

10.05.2017 Кумтөрчүлөр Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда ишембилик өткөрүштү

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы автоунаа токтоочу жайда жана Тоң айылыын көл кыйыры менен эки пляжын тазалашты. Ишембилик ошондой эле Кескен-Бел ашуусундагы адамдар көп токтой турган жерде да өткөрүлдү. Ашууда жана обулустагы көлгө түшчү жайларды тазалоо ишембиликтери компаниянын кызматкерлери үчүн салттуу иш-чара жана жергиликтүү бийлик да, жаштардын өкүлдөрү да, өнөктөш ишканалар да кызуу колдоого алышат. Бул жолку ишембилик да ошондой болду – жергиликтүү бийлик демилгени колдоп, тазалоо иштерине кошулду, ал эми өнөктөш ишканалар таштандыларды чыгаруу үчүн жүк ташууучу машиналарды камсыздады. «Социалдык жоопкерчиликтүү компаниянын кызматкерлери катары биз компаниянын ички жана тышкы саясатын жумуштан тышкаркы да колодонобуз. Пайдалуу иш үчүн, туристтик сезонго кам көрүп чогулганыбыз бизди абдан кубандырат. Ошондой эле биздин демилгебиз Ысык-Көлдү кыдырган эс-алуучулар үчүн үлгү болуп, таштандылардын азайышына өбөлгө болот деп ишенебиз» – дейт, «Кумтөр» кенинин эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүм жетекчиси Талайбек Жусупов. Ишембиликтер кумтөрчүлөрдү коомдук-пайдалуу иштерге ыктыярчы катары тартуу боюнча ички корпоративдик программанын алкагында уюштурулду. Өткөн жылы «Кумтөрдүн ыктыярчылары» муктаждарга жардам берүү үчүн ар каандай иштерге 3000 саат жумшаган. Быйыл, 2017-жылы, бул көрсөткүчтү дагы 1000 саатка көбөйтүүнү мерчемделүүдө.

24.03.2017 Төртүнчү чейрек жана 2016-жылдын жыйынтыктары

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр 2016-жылы «Кумтөр» кенинде 550 960 унция1 же 17 136,78 кг алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 546 342 унцияны же 16 993,15 кг алтынды түзгөн. Сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 686,4 млн долларды2 түздү. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр таблицада: VI чейрек 31-декабрга карата 12 ай 31-декабрга карата 2016 2015 Өзгөрүү 2016 2015 Өзгөрүү Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD 231,3 144,5 60% 686,4 604,5 14% Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)**** 44,6 46,9 (5%) 171,8 151,1 14% Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (млн  USD менен) 103,1 112,1 (8%) 350,4 367,9 (5%) Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (унциясына USD менен) 537 852 (37%) 641 707 (9%) Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 35 542  45 418 (22%) 144 399 169 527 (15%) Казылып алынган руданын көлөмү  (миң тонна) 223 3 941 (94%) 8 911 6 583 35% Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 581 1 504 5% 6 303 5 729 10% Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 4,71 3,42 38% 3,44 3,57 (48%) Алтынды ылгап алуу коэффициенти  (% менен) 83,5 79,9 5% 79,2 78,8 1% Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 200 762 130 610 54% 550 960 520 694 6% Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 6 244,4 4 062,4 54% 17136,78 16 195,41 […]