Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

21.02.2018 «Кумтөр» компаниясынын оор техникасын техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» сменинин кызматкерлери, Ысык-Көл областынын эки балдар үйүнө жардам көрсөттү

2017-жылдын ноябрында «Кумтөр» компаниясы өткөргөн «Коопсуздук Техникасы боюнча айлык» сынагынын жыйынтыгы боюнча, оор техниканы тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» нөөмөтүнүн шина монтировщиктери жалпы суммасы 50 миң сомдук эки сертификат алышты. Шинамонтаждык участок кызматкерлеринин чечими менен, уткан сумманы толугу менен кайрымдуулукка жумшоо чечилди. «Кумтөрдүн» өнөктөшү – «Хелпер» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте кошумча 10 миң сом жыйналды. Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миң сомго Ысык-Көл областындагы Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» жана Ак-Булак айылындагы «Мээрим булагы» балдар үйлөрүнө ар түрдүү тиричилик техникасы түрүндө жардам көрсөтүү чечилген. 2018-жылдын 11-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Келечек» балдар үйүнө барышып, ал жерге кир жуучу машина, электр меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти. 2018-жылдын 12-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Мээрим булагы» балдар үйүнө барышып, ал жерге газ меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.

11.12.2017 МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРЫЛАР ҮЧҮН ҮЙ-ИНТЕРНАТЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ.

6-декабрда, медициналык бөлүмдүн “Кумтөрдүн элчилери”, инженердик бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте кезектеги социалдык долбоорду ишке ашырды. Кумтөрчүлөр Бишкек шаарындагы Ленин районунун карылар үчүн Үй-интернатына жардам көрсөтүштү. Аталар жана апалар жашаган социалдык мекемелер, кошумча жардамга көп муктаж болушат, өзгөчө жеке гигиена каражаттары менен тиричилик химиясын сатып алууда. “Күмтөрдүн элчилери” 18 миң сом чогултуп, күнүмдүк тиричиликте керектелүүчү буюм-тайымдарды сатып алып, жеткиришти. Интернаттын директору Айчүрөк Алышева жана кожойке айым үй-интернаттын баардык жашоочуларынын атынан ыраазычылык билдирди. Баардыгы болуп, үй-интернатында азыркы кезде 48 адам жашайт, анын ичинен алтоо ар дайым кам көрүүгө муктаж болгон, төшөктөн турбаган адамдар. Ошондой эле, интернат төшөнчү шейшептерге муктаж, аны буйрутмага тиккен сокурлар коомунан сатып алса болот. Ушундай максат менен бир эле жолу , эки уюмга жардам берсе болот.