САРПТООЛОРДУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ БУХГАЛТЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 17 November 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Сарптоолорду көзөмөлдөө бухгалтери (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-261
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Учурдагы сатып алуу реквизицияларын талдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү;
- Иш жүзүндөгү сарптоолорду, четтөөлөрдү, бюджеттик жана болжолдук көрсөткүчтөргө шайкештигин талдоо;
- Сарптоолордун капиталдык салымдарга же операциондук чыгашаларга дал келүүсүн талдоо;
- Сарптоолорду тиешелүү эсепке алуу үчүн көзөмөлдү уюштурууга катышуу;
- Ири подрядчылардын арасында жана жалпы долбоорлор боюнча сарптоолорду координациялык көзөмөлдөө;
- Бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулук эл аралык стандарттарына (ФОЭC) ылайык жүргүзүү;
- Финансылык мезгилди жабуу жол-жобосуна ылайык зарыл болгон бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Билими, квалификациясы: каржы-экономикалык жаатта жогорку билими, САР/CIPA сертификаты болуу;
- Иш тажрыйбасы (өнөр жай, кызматы, узактыгы): 3-5 жыл, (Ишп 4) аудит компанияларында иш тажрыйбасы кубатталат;
- Билим жана көндүмдөрү: жогорку аналитикалык жөндөмдүүлүгү, көп сандаган маалымат менен иштөө жөндөмү, ФОЭС билими;
- Жеке сапаттары: көп тапшырма режиминде тез иштей билүү , мыкты командалык иш жөндөмү, так, элпек, тыкан, стресске туруктуу, баарлашуу жөндөмүнө ээ;
- Кошумча көндүмдөрү (чет тилдерди, компьютердик программаларды ж. б. билүү): MS Office программаларын колдоно билүү, Excel менен иштегенди билүү, англис тилин билүү (артыкчылык)
Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-261.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.