КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНҮН БУХГАЛТЕРИ
Жарыяланган: 16 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНҮН БУХГАЛТЕРИ
Билдирүүнүн номери: KGC-21-89
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭC) ылайык жүргүзүү;
- Төлөөгө каралган эсептерди кабыл алуу жана каттоо, системада товарлардын түшүүсүн көзөмөлдөө, жергиликтүү жана чет элдик төлөмдөрдү иштеп чыгуу;
- Финансылык мезгилди жабуу жол-жобосуна ылайык зарыл болгон бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;
- Компаниянын жетекчилиги менен аудиторлордун талабына ылайык зарыл отчетторду даярдоо;
- Корпоративдик кредиттик карталар боюнча банктар менен иштөө, документтерди даярдоо жана жүргүзүү, салыштыруу;
- Товар берүүчүлөр, банктар, сатып алуу бөлүмү жана башкалар менен иштөө.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими, квалификациясы: каржы-экономика жаатында жогорку билим, САР сертификаты бар болуу;
- Иш тажрыйбасы (тармагы, кызматы, узактыгы): болуусу артыкчылыкка ээ.
- Билими жана көндүмдөрү: жогорку деңгээлде аналитикалык жөндөмдүүлүк, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, жалпы билимдер, анын ичинде кредитордук карыз бөлүмүнүн иш процессине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик актылары;
- Жеке инсандык сапаттары: көп максаттуу режимде тез иштей билүү, мыкты командалык жана коммуникативдик көндүмдөр, тыкан, эмгекчил, стресске туруктуу;
- Кошумча көндүмдөрү (чет тилдерди, компьютердик программаларды ж.б. билүү): MS Office программаларын колдоно билүү, Excel менен иштегенди билүү, англис тилин билүү (артыкчылык)
Анкета жана резюмени 2021-жыл 29-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-89