АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 28 June 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.07.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК АЫФнын Пландаштыруу жана инжиниринг бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. 

Талаптар:

  • Жогорку техникалык билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office, MS Project, AutoCAD программаларын билүү;
  • Англис тилин билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыгуу;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык абалда жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.

Милдеттер:

  • Түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу:
  • Техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо боюнча жазууларды жүргүзүү:
  • Инженерлер жана ишенимдүүлүк боюнча техниктер менен бирдикте кыйратуучу эмес текшерүү ыкмалары менен текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу:
  • Жабдуулардын абалын көзөмөлдөө иштерине катышуу ( вибрациялык анализ, инфракызыл термография);

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 11-июлунда 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.