АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 04 June 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 18.06.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК АЫФнын Пландаштыруу жана инжиниринг бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office, MS Project, AutoCAD программаларын билүү;
- Англис тилин билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыгуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, командада иштей билүү;
- Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык абалда жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.
Милдеттер:
- Түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу:
- Техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо боюнча жазууларды жүргүзүү:
- Инженерлер жана ишенимдүүлүк боюнча техниктер менен бирдикте кыйратуучу эмес текшерүү ыкмалары менен текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу:
- Жабдуулардын абалын көзөмөлдөө иштерине катышуу ( вибрациялык анализ, инфракызыл термография);
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 18-июнунда 00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.