Алтын казып алуунун көлөмүнүн мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болушу – рудадагы алтындын үлүшү төмөнкү өлчөмдө болушу менен шартталган. Мындай абал тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш. Алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгон, кээ бир жылдары коюлган план менен өндүрүлгөн алтындын ортосундагы айырма 9 тоннага чейин жеткен учурлар катталган.