Урматтуу “Кумтөрдүн” жамааты, ардактуу кесиптештер! “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан баардыгыңыздарды “Металлургдар күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Металлургия тармагы канчалаган жылдардан бери дүйнөлүк экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү болуу менен, азыр дагы өз позициясын жогото элек. Экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн негизги таянычы дагы дал ушул металлургия тармагы болуп эсептелинет.