Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү 2011-жылдын 13үнөн 16-июнуна чейин Чолпон-Ата шаарында Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин “Валидациядан кийин: КТАДдын болочогуна көз жүгүртүү менен” деген аталыштагы Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Монголиянын, Тажикстандын өкүлдөрү катышышты. Үч күн аралыгында катышуучулар тажырыйба алмашышты жана алар туш келип жаткан тоскоолдуктар жөнүндө айтышты. Конференциянын меймандары алардын КТАД чөйрөсүндөгү мыйзамдары кыргызстандык мыйзамдардай өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алышты. Чыгып сүйлөгөндөр ачыктык – бул жакшы нерсе экендиги боюнча бир пикирде болушту. – Ачыктыктан улам тоо кен ишканалары жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен диалогду жолго кое алышты. Жергиликтүү жамаат жана калк ишканалар экономиканын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатышканын билиши керек. Бул биз үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу, – деп эсептейт «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов. – Биз бул демилгени Кыргызстанда жүзөгө ашыруунун башаттарында турдук, биринчилерден болуп КОКтун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жарыялоого кириштик. Компания КТАДга кошулгандан баштап эле ачык болуп калды, мурда келип чыгуучу бир катар маселелерди дароо эле алып салууга мүмкүн болду. Ачыктык демилгесин сөзсүз өнүктүрүү керек. Болочокто, компаниялар сыяктуу эле, жергиликтүү бийликтер алар алышкан акчаларды кантип жумшап жатышканын түшүндүрүү менен калктын астында отчет бериши керек. Эл аралык […]