2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары “Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2011-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 164 167 унция1 же 5 106 кг алтын өндүрүлдү. Жыл башынан бери компания 52 млн. доллардан2 ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду. Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” кенинде 164 167 унция алтын өндүрүлдү. Алтын өндүрүү планы 2010-жылдын аягында жасалган руданын запастарынан, рудадагы металлдын жогорку курамынан жана бөлүп алуу пайызынын өсүшүнөнө улам 2011-жылдын I кварталында ашыгы менен аткарылды. Бирок, 2011-жылдын I кварталында өндүрүштүн көрсөткүчтөрү 2010-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 16 395 унцияга төмөн болду, ал алтын ылгоочу фабрикадагы пландуу ремонт иштеринин жүргүзүлүшү менен түшүндүрүлөт. 2011-жылдын I кварталында фабрикага берилип жаткан рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 4,12 граммды, ал эми бөлүп алуу пайызы – 82,6%ды түздү. 2011-жылдын I кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 166 145 унцияны же 5 167,69 кг түздү. Бул мезгилдеги алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 384 долларды, ал эми алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 229,9 млн. долларды түздү. “Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы Доре куймалары болуп саналат, алар “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” […]