16.04.2013 “Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды

Кыргызстандагы Корпоративдүү социалдык жоопкерчилик боюнча тармак (CSR Business Network) жана Өнүктүрүү саясат институту (ИПР/DPI) ММКларда бизнес-структуралардын социалдык жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу үчүн “Өнөктөштүк – 2012” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашты. “Экологиялык коопсуздук темасын эң мыкты чагылдыруу” номинациясында жеңүүчүлөр катарында “Кумтөр” кен ишканасы жөнүндө “Төрт курам” көп сериялуу фильми боюнча иши үчүн оператор Евгений Чичурко жана журналист Евгений Печурин таанылышты. Фильм “Кумтөр” ишканасына арналган жана анда кенди иштетүүдө сакталып жаткан экологиялык нормалар жана талаптар жөнүндө айтылат. Катары менен үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурстун уюштуруучулары белгилешкендей, бул жолу жюриге 120 иш берилген. Ошондой эле төмөнкү номинацияларда иштер да белгиленген: • “Территорияларды өнүктүрүү темасын эң мыкты чагылдыруу (жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүү)”; • “Продукциянын сапаты жана кардарлар алдындагы жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу”; • “Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк темасын эң мыкты чагылдыруу”.

03.04.2013 «Кумтөр» компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат

Ар кандай эксперттердин, бир катар ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаалга карата, компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөнүн абалына кыйратуучу таасир этет имиш деген билдирүүсүнө жооп катары “Кумтөр” компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат. Бул отчеттор Мамкомиссиянын заказы боюнча даярдалган, алар техникалык тапшырманын алкактарында Европа союзунда жана Германияда кабыл алынган нормативдерге жана процедураларга ылайык, “Кумтөр” кен ишканасында алынган үлгүлөрдү алууну жана анализдөөнү жүргүзүшкөн. Атап айтканда немец эксперттери өз отчетунда төмөнкүлөрдү белгилешет: «Суунун алынган үлгүлөрүндөгү химиялык элементтердин концентрациясы жана цианиддердин жана фториддердин концентрациясы негизинен табигый геохимиялык фондук деңгээлдерге ылайык келет. Аналитикалык көрсөткүчтөр бул изилдөө үчүн пайдаланылуучу үлгүлөрдү алуу точкаларындагы жер бетиндеги сууларда цианиддердин жана токсиндүү элементтердин ашыкча жогорку концентрацияларынын бардыгын тастыктабайт. Кумтөр дарыясынын Кумтөр кен ишканасынан дээрлик 5 км төмөн жагындагы суусундагы сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын концентрациясы сезимтал суу организмдерине мүмкүн болуучу жагымсыз таасир этүүгө карата дагы тыкан изилдөөнү талап кылат окшойт. Бирок, дарыянын бул участогунда башка булактар да сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын деңгээлинин жогорулоосуна алып келиши же өбөлгө түзүшү мүмкүн экендигин да белгилеп коюу керек. Кумтөр дарыясынын, Арабел дарыясынын жана Барскоон дарыясынын сууларынын сапаты Европа Кеңешинин 1998-жылдын 3-ноябрындагы адамдар керектөө үчүн арналган суунун сапаты жөнүндө 98/83/ЕС Директиваларынын чектүү […]