02.05.2013 «Кумтөр» компаниясы жана «АВЕП» коомдук фонд биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырышат

2013-жылдын 25-апрелинде Караколдогу Журналисттер үйүндө пресс-конференция болуп өттү, анда «АВЕП» коомдук фондусунун жана “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү журналисттерге «Карагат +» жаңы биргелешкен долбоорун ишке киргизүү жөнүндө айтып беришти. Фонд “Кумтөрдүн” финансылык колдоосу менен бул долбоорду үч жыл аралыгында Ысык-Көл областында жүзөгө ашырмакчы. Долбоордун максаты болуп жергиликтүү жамааттарды жана региондогу мөмө-жемиштер рыногун өнүктүрүү саналат. «АВЕП» фондусунун адистери питомниктерди жана айыл чарба продукцияларын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүдө көмөк көрсөтүшмөкчү, ошондой эле фермерлерге продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жөнгө салууда жардам беришмекчи. Бул долбоордун башкы артыкчылыгы – комплексттүү мамиледе турат: фонд фермерлерге көчөттөрдү сатып алуу жана таратуудан баштап даяр продукцияны сатууга жана кайра иштетүүгө чейинки жолдо баштан-аягына чейин жардам бермекчи. Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаңы мол түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун инновациялык методдоруна окутмакчы. Окутуу тренингдеринин сериясы ушул жылдын мартында эле башталган. “Кумтөр” компаниясы уюштурган пресс-турдун алкактарында Бишкектен журналисттердин тобу катышуучу фермерлер үчүн тренингдердин биринде болушту. Семинар Барскоондогу №55 кесиптик лицейде өткөрүлдү. Тренингде республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын өкүлдөрү фермерлерге Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарга жана нормаларга ылайык, кантип чарба жүргүзүү жана өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү тоскоолдуксуз сатып өткөрүү үчүн үрөнчүлүк чарба статусун алуу жөнүндө айтып беришти. Карагаттын алгачкы көчөттөрү катышуучу фермерлерге майдын башталышында жеткирилмекчи.

01.05.2013 Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жамааттарынын продукциясы Кыргызстанда жана чет өлкөдө ийгиликтүү сатып өткөрүлүүдө

Биздин компания менен “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын өткөн жылы башталган биргелешкен долбоору өзүнүн натыйжаларын көрсөтө баштады. Бул долбоордун алкактарында ассоциация тарабынан сатыл алынган жаңы жабдуу ишин баштап жатышкан ишкерлерге вареньелерди, ширелерди жана джемдерди Каракол шаарындагы жаңы цехте бардык санитардык жана гигиеналык нормаларды сактоо менен өндүрүүгө жардам берет. Түштүк жээктин иш баштап жатышкан ишкерлери вареньени салттуу мөмө-жемиштерден гана чыгаруунун үйрөнүшкөн жок. Сатып алуучулар арасында тобурчактардан жана каакымдан жасалган варенье да кеңири белгилүү болууда. Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы жамааттардын бардык продукциясы Караколдогу изилдөөчүлүк дүкөнүндө жана Бишкек шаарындагы “Дайра” дүкөнүндө сатып өткөрүлөт. Ошол эле жерден Тоң районунун жамааттарынын бири тарабынан өндүрүлүүчү кийиз буюмдарды да сатып алууга болот, алар чет өлкөлөргө да ийгиликтүү экспорттоло баштаган.

30.04.2013 Бишкекте ӨЭУлардын өкүлдөрүнүн туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү

30-апрелде Бишкекте «Кумтөр» компаниясынын демилгеси менен донор уюмдардын жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул иш чаранын максаты – кайсы чөйрөлөрдө уюмдар өздөрүнүн аракеттерин бириктире ала турганын билүү үчүн өкмөттүк эмес сектор тарабынан Ысык-Көл областынын жана жалпы Кыргызстандын территориясында жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу. Жолугушуунун алкактарында уюмдардын өкүлдөрү өз долбоорлорун тааныштырышты, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашышты жана андан ары биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Катышуучулар мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүгүү боюнча, Трансперенси Интернэшнлдин, Герман эл аралык кызматташуу коомунун, Ага-Хан фондусунун, Борбордук Азия университетинин, Хельветастын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын, “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын, «АВЕП» коомдук фондусунун, «Борбордук Азиядагы Евразиянын», Өнүктүрүү саясаты институтунун жана Camp Алатоонун өкүлдөрү чогулушту.

16.04.2013 “Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды

Кыргызстандагы Корпоративдүү социалдык жоопкерчилик боюнча тармак (CSR Business Network) жана Өнүктүрүү саясат институту (ИПР/DPI) ММКларда бизнес-структуралардын социалдык жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу үчүн “Өнөктөштүк – 2012” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашты. “Экологиялык коопсуздук темасын эң мыкты чагылдыруу” номинациясында жеңүүчүлөр катарында “Кумтөр” кен ишканасы жөнүндө “Төрт курам” көп сериялуу фильми боюнча иши үчүн оператор Евгений Чичурко жана журналист Евгений Печурин таанылышты. Фильм “Кумтөр” ишканасына арналган жана анда кенди иштетүүдө сакталып жаткан экологиялык нормалар жана талаптар жөнүндө айтылат. Катары менен үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурстун уюштуруучулары белгилешкендей, бул жолу жюриге 120 иш берилген. Ошондой эле төмөнкү номинацияларда иштер да белгиленген: • “Территорияларды өнүктүрүү темасын эң мыкты чагылдыруу (жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүү)”; • “Продукциянын сапаты жана кардарлар алдындагы жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу”; • “Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк темасын эң мыкты чагылдыруу”.