Компания тарабынан айылдыктарга жылытуу сезонунда жардам көрсөтүү үчүн 1000 тоннага жакын көмүр сатып алынды. Ушул жылдын декабрынын башында кварталдык комитеттин отурумунан кийин компания тарабынан Балыкчы шаарынын, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун калкынын аялуу катмарларына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган: 200 тонна көмүрдү балыкчылыктар алышмакчы, а эки райондун жашоочуларына 400 тоннадан бөлүндү. Көмүрдү муктаж адамдарга жеткирип берүү кийинки жумада башталат.