Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы жана Балыкчы шаарындагы «Кумтор Голд Компани» компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн «Жети_Өгүз», «Тон Финанс» жана «Балыкчы Финанс» микрокредиттик агенттиктеринин көмөгү менен чакан жана орто бизнеске колдоолор көрсөтүлүп келе жатат. 15 жылдан бери ушул финансылык мекемелер фермердик чарбаларга колдоо иретинде жылдык 12% кредиттерди берүүдө. Алардын колдоосу менен жүздөгөн ишкерлер ийгиликке жетишти. Мурда ачылган ишканалар жүгүртүүлөрдү көбөйтүп, жаңылары – ийгиликке ишенимдүү кадам таштоодо.