Перри мырза, Биз, сүйүктүү мекенибиздин ар кыл региондорунун жашоочуларынын башын бириктирген “Кумтөр” кенинин көп миңдеген эмгек жамааты, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда жолдогон кайрылууңузду менен таанышып жана ал кайрылуу бизде айран-таң калуу, өкүнүү жана иренжүү сыяктуу аралаш сезимдерди жаратууда. Сиздин айткандарыңыздын арасында эмнеси бизди өзгөчө таң калтырып жатат биз айталбай турабыз: сиздин эки жүздүүлүгүңүзбү, жалган сөзүңүзбү же ар кандай жол менен жоопкерчиликтен качуу аракетиңизби?