АРТУР ПОЛЯКОВ MINEX ФОРУМУНУН ТӨРАГАСЫ, НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ: «КУМТӨР БИЗДИ АБДАН ТААСИРЛЕНТТИ»

АРТУР ПОЛЯКОВ MINEX ФОРУМУНУН ТӨРАГАСЫ, НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ: «КУМТӨР БИЗДИ АБДАН ТААСИРЛЕНТТИ»

Жарыяланган: 25 June 2024

«Бишкекте «MINEX Central Asia – 2024» форуму болуп, андан соң айрым делегаттарды «Кумтөр Голд Компани» ишканасына келип кетүүгө чакырдык.

Кумтөр кен жайына алгачкы ирет бардык. Алган таасирлерибиз абдан сонун. 2018-жылы Бишкекте биринчи жолу ушундай форум өткөндө кен жайга бара албай калганбыз. Быйыл бактыга жараша, Кумтөр кен жайын өз көзүбүз менен көрүп келдик.

Биринчиден, «Кумтөр Голд Компанин» командасынын жогорку профессионалдуулугун баса белгилегим келет. Ишке абдан кылдат, тыкыр мамиле кылышат экен. Муну медициналык текшерүүдөн өтүп жатканда байкадык. Кумтөрдү көргүсү келген бир нече делегатыбыз ден соолугуна байланыштуу медициналык кароодон өтпөй калды. Коопсуздук маселелерине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылганыңар жакты.

Андан дагы бизди өндүрүштүн масштабы, колдонулуп жаткан алдыңкы технологиялар, заманбап жабдуулар таң калтырды. Ачык, карьердик жол менен алтын казуудан тышкары, кендин иштөө мөөнөтүн узарта турган жер астынан алтын казууга жасалып жаткан даярдыктар, жалпы эле иштин жүрүшү зор кызыгууну жаратты.

Жалпысынан алганда, форумдун эң активдүү катышуучусу «Кумтөр Голд Компани» болду. Дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн келген тоо-кен компанияларынын өкүлдөрүнө Кумтөр кен жайына жасалган сапар абдан жакты. Бардыгы жогорку деңгээлде уюштурулуптур.»

Маалымат үчүн: Эл аралык «MINEX Central Asia 2024» тоо-кен-геологиялык форуму жыл сайын Борбор Азия республикаларынын биринде өткөрүлөт жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого, инвестицияларды жана жаңы заманбап технологияларды тартууга багытталган.