АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨ ЖАБДУУЛАРЫ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 24 October 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Алтын ылгоочу фабрикасынын Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билими жөнүндө диплом (багыты: “Электр энергетикасы жана электротехника (РЗиА)”, “контролдук-өлчөөчү приборлор жана аппаратура”, “инженердик системалар АЭУ ТП”, “технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана автоматташтыруу”).
- Бардык объекттерде, ишканаларда адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практикадан өтүүсү артыкчылык болот;
- Аспаптар жана өлчөө каражаттары менен иштөө жөндөмдүүлүгү (мультитестер, осциллограф, вольтметр, амперметр);
- Программалануучу Логикалык Контроллер (PLC) боюнча негизги билим артыкча бааланат;
- Электр жана электрондук схемаларды окуу, базалык билиминин болушу;
- Жоопкерчиликтүү, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, деталдарга көңүл буруусу;
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, CS Office, Outlook программасын билүү.
Милдеттери:
- Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк участоктору жана айрым жабдуулары, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн аткарган иштери, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, өлчөө приборлору менен таанышуу;
- КГК объекттеринде иштеп жаткан жөнөкөй жана татаал контролдук-өлчөө жабдууларынын системаларынан жана аппаратураларынан, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана техникалык тейлөөгө үйрөнүү;
- Бригада курамына ППР аткарууда, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн приборлорун жана аппараттарын оңдоодо жардам көрсөтүү;
- Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу боюнча слесарьга жардам көрсөтүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2023-жылдын 9-ноябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.