Жарыяланган: 28 February 2025
Экологияга, айлана-чөйрөгө кам көрүү – Кумтөрдүн ишиндеги эң артыкчылыктуу багыттардын бири. Алтын казып алуу ишинде да бардык эл аралык стандарттарды, талаптарды так сактоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, жергиликтүү жамааттардын экологиялык демилгерлерин кызуу колдоого алып, бул тармактагы долбоорлорду да активдүү ишке ашырып келет. Акыркы 2 жыл аралыгында “Жашыл мурас” улуттук бак тигүү өнөктүгүнүн алкагында Кумтөр ишканасы Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй областарынын аймактарында 300 гектардан ашык жерге жүз миңдеген көчөттөрдү отургузду. Туруктуу негизде ишмебилик акцияларын уюштуруп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жана ичиндеги тонналаган акыр-чикирлерди тазалап, 300дөн ашык таштанды таштоочу урналарды орнотуп берди.
Ошондой эле Каракол шаарына жана Барскоон айылына таштанды ташуучу атайын техникалар сатылып алынды. Калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча бир нече ири долбоорлор ишке ашырылды.
Айлана-чөйрөгө кам көрүү – мындан ары дагы Кумтөр ишканасынын эң маанилүү милдеттеринен болуп кала бермекчи.