АЙДООЧУ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)
Жарыяланган: 10 March 2025
ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-мартына чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызмат көрсөтүү келишимдин негизинде айдоочу кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Өтүнмөлөр төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: driver2025@kumtor.kg
Кызмат ордунун аталышы: Айдоочу (Бишкек шаарындагы кеңсе)
МИЛДЕТТЕРИ:
- Жүргүнчүлөрдү коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылуу;
- Автотранспортту таза жана техникалык жактан иштеп турган абалда кармоо;
- Жол баракчаларды жана керектүү документтерди толтуруу;
- Жетекчинин транспорттук тапшырмаларын аткаруу;
- Макулдашуу менен дем алыш жана майрам күндөрү иштөө мүмкүнчүлүгү;
- Автотранспортко үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана кароо жүргүзүү.
ТАЛАПТАР:
- «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Айдоо тажрыйбасы – кеминде 3 жыл;
- Жол кыймылынын эрежелерин билүү жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
- Навигациялык тутумдарды колдоно билүү;
- Сылыктык, тактык жана жоопкерчилик;
- Мурунку иштеген жерлеринен сунуш каттар жана тажрыйбаны тастыктаган документтерди кошо тапшыруу;
- Резюме.
ШАРТТАР:
- Буйрутмачынын талабы боюнча Бишкек шаарындагы кеңседе аралыктан иштөө жана зарыл учурда Кумтөр кенине чыгуу мүмкүнчүлүгү менен иштөө графиги;
- Кызмат көрсөтүүнүн баасы маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.
Кошумча:
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР