АДМИНИСТРАТОР (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)
Жарыяланган: 01 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Администратор (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-045
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Офистин иши үчүн керектүү болгон чыгыштоо материалдар же башка товардык-материалдык камдыктар менен камсыздоо, анын ичинде офис эмеректерин, жабдууларын, чарбалык буюмдарын сатып алууга зарыл болгон документтерди тариздөө;
- Офистин материалдык-техникалык камсыздоосуна сметаларды даярдоо жана сатылып алынган мүлктү, жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды эсепке алуу;
- Чыгыштоо материалдарды жана алардын рационалдуу керектөөсүн көзөмөлдөө;
- Кабылдама катчыларынын ишин, жана ошондой эле бөлүмдүн техникалык кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө;
- Өткөрүлгөн жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды жана компаниянын башка иш-чараларын тейлөө;
- Имараттардын оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу, оңдоп-түзөө иштеринин сапатын көзөмөлдөө;
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Менеджмент тармагында жогорку билим;
- Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;
- Жогорку деңгээлде ишке жарамдуулук, энергиялуулук, чыдамкайлык, тырышчаактык, чечкиндүүлүк, максатка умтулгандык, так болуу, стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк;
- Көйгөйлөрдү чечүүнүн приоритеттерин жана ырааттуулугун аныктоого жөндөмдүү болуу.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 15-февраль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-045.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.