«Кумтөр Голд Компани»: вазыйпасы, багыттары жана баалуулуктары

  • Башкы бет »
  • «Кумтөр Голд Компани»: вазыйпасы, багыттары жана баалуулуктары

«Кумтөр Голд Компани»: вазыйпасы, багыттары жана баалуулуктары

Кумтөрдүн вазыйпасы:

Улуттук экономиканын туруктуу өсүшү үчүн пайдалуу кен-байлыктарды казып алууда жана кайра иштетүүдө инновациялык технологияларды жаратуу жана киргизүү.

Кумтөрдүн келечекке багыты:

Адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык прогрессти колдоо боюнча билим берүү жана социалдык демилгелер аркылуу экологиялык жактан таза пайдалуу кен-байлыктарды казып алууда лидер болуу.

Баалуулуктар:

1. Кызматкерлер үчүн коопсуздук жана кам көрүү: Биз ар бир кызматкерди баалайбыз, социалдык программаларды жана демилгелерди колдоо аркылуу коопсуз эмгек шарттарын камсыздайбыз.

2. Экологиялык туруктуулук: Айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу жана жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн, тоо-кен казып алуунун заманбап технологияларын жана стандарттарын колдонобуз.

3. Кесипкөйлүк жана окутуу: Биз кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлине умтулабыз жана кызматкерлерибиздин көндүмдөрүн жана билимдерин тынымсыз өнүктүрөбүз.

4. Командада иштөө жана өз ара урматтоо: Биз өз ара урматтоону баалайбыз жана коллективдеги достук, ачык чөйрөнү колдойбуз, бул натыйжалуу командалык иштөөгө өбөлгө тузөт.

5. Социалдык жоопкерчилик: Биз иштеп жаткан жерде социалдык долбоорлорго активдүү катышуу менен жергилитүү жамааттарды жана аймактарды колдойбуз.

6. Инновация жана өнүгүү: Биз өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана компанияны өнүктүрүү үчүн дайыма жаңы технологияларды жана инновациялык ыкмаларды киргизебиз.