– Геологиялык чалгындоолор маалыматынын негизинде ачык кенди эксплуатациялоо 2023-жылга чейин, ал эми кенди алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү 2026-жылга чейин узартылган.
– «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүлгөн бардык алтын «Кыргызалтын» ААКсы тарабынан сатылып алынат. «Кумтөр» компаниясы алтын экспорттобойт жана эч качан экспорттогон эмес.
– «Кумтөр» кен ишканасынан чыккан жалгыз өндүрм – Доре уютмалары, алар «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» ААК тарабынан сатып алынат. Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.
– – Доре уютмасы – «Кумтөр» кенинде чыгарылган өндүрүм жана курамында 70%дан жогору алтын, 10дон 29%га чейин күмүш, о.э. Доренин 10%нан ашпаган жандоочу аралашмалар (темир, цинк, жез, никель ж.б. элементтер) бар. Алтын «Кыргызалтын» ААКсынын Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводунда аффинаждалат.
– «Кумтөр» кени иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги алтын өндүрүү көлөмдөрү тууралуу толук маалымат “Өндүрүштүк көрсөткүчтөр” бөлүмүндө жеткиликтүү.