Жарыяланган: 27 November 2013
Учурда “Кумтөрдүн” тегерегинде негизсиз талаш-тартыштар көп жүрүп жатат. Талаштын негизсиз экенин билүү үчүн өлкөдөгү эң ири өндүрүштүн иши тууралуу кененирээк билүү туура болмок.
Айрым имиштердин куру сөз экенин ачык айтуу зарыл. Себеби ар бир жаран анын чөйрөсүндө эмне, кандай иштер болуп жаткандыгы тууралуу колдон келишинче көбүрөөк маалымат чогултуп, кийин кайсынысына ишенээрин өзү чечиши керек.
Эң көп айтылып жаткан жаңылыштык – бул компанияда жалаң чет элдиктер иштейт деген кеп. Ал эми биздин өлкөнүн жарандары ишке такыр орношо албайт имиш. Канчалык деңгээлде бул маалымат чындыкка төп келет? Ооба, бул жерде чет элдиктер иштешет. Бирок болгону 98 киши. “Кумтөр” бул өтө татаал өндүрүш, ошондуктан айрым учурларда чет элдик адистерге биз муктаж болобуз. Алар бул жерге тажрыйба алмашуу жана биздин адистерди үйрөтүү үчүн келишет. Ошол эле учурда өндүрүштө иштеген кыргызстандыктардын саны 2700, – дейт кадрлар бөлүмүнүн жана компания администрациясынын менеджери Нурбек Төлөбаев.
Анын айтканына караганда, компания кызматкерлеринин 70 пайызы Ысык-Көл облусунун жашоочулары. Биздин компанияга жумушка орношуп жатканда негизги фактор бул – профессионалдуулук сапаттар: билим деңгээли, адистиги жана тажрыйбасы. Бирок тандалып жаткан адистин жердиги Ысык-Көл болсо, ага артыкчылык берилип, жумушка ошол адамды алабыз.
Мындан тышкары эч кандай артыкчылыктар берилбейт. Нурбек Төлөбаевдин сөзү боюнча дилетанттарга эч кандай тааныштык жана тууганчылык компанияга орношууга жардамын бере албайт:
– Бул жерде ал принцип иштебейт, себеби өндүрүш абдан татаал. Биз жалаң тиешелүү билими жана квалификациялык деңгээли бар кишилерди гана алабыз. Алтын кендеги иш абдан жоопкерчиликтүү, андыктан квалификациясы жок адамды жумушка алып тобокелчиликке бара албайбыз. Албетте, ар кандай ушак-айыңдар айтыла берет дечи, бирок биз иш жүзүнө келгенде кадрдык саясатты ачык-айкын өткөрөбүз, – деди кадрлар жана администрация бөлүмүнүн менеджери.
Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну Алыбек Чекиров тоо бөлүмүнүн администратор-диспетчери болуп иштейт. Ал Нурбектин сөзүнө толугу менен кошуларын билдирди:
– Менин бул жерде иштегениме беш жылдын жүзү болду. Жумушка эл катары эле орноштум. Вакансиянын бар экенин уккандан кийин дароо эле билдирме жасадым. Андан соң жеке баарлашуудан өтүп, ишке кабыл алындым, – дейт Чекиров. – Менин милдетим кен иштетүү процессин көзөмөлдөө. Башкача айтканда, мен карьерде техниканын ишсиз туруп калбашын көзөмөлгө алам. Оңой угулганы менен математикалык тактыкты жана кынтыксыз аткарууну талап кылган иш.
Алтын кендеги чет элдиктер аларга коюлган талаптарды гана аткарышат. Көпчүлүк учурда алар тиешелүү курс жана тренингдерди өткөрүп, кызматкерлердин өнүгүүсүнө жардам беришет. “Кумтөр” ишканасындагы жумуш процессинин улам жакшырып тургандыгы так ошол чет элдик адистердин эмгегинин натыйжасы. Эмнеге мындай?
– Биздин бөлүм татаал техниканы оңдойт. Операторлордун иши токтоп калбашы үчүн биз аны ар дайым даяр абалда кармап туруубуз зарыл. Ошол эле учурда, техниканы иштетип жатканда айдоочулардын да коопсуздугу эске алынат. Бизде Япония, Германия, Америкадан алынып келинген заманбап техниканын 200гө чукул бирдиги катталган. Аларда жүк көтөрүү жана коопсуздукка болгон талаптардын деңгээли жогорураак. Ошондой эле айдоочу менен оңдоо иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин ишин жеңилдетүү максатында заманбап электроника колдонулат. Андыктан бизге техниканы мыкты билген адистер керек, алар өз билгендерин жумушчуларга көрсөтүп беришет, – деп техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Барыктабасов түшүндүрүп берди.
Ири самосвал, жогорку технологиялык бульдозер жана электрондук жол менен башкарылган экскаваторлор менен иштешүү жеңил-желпи жумуш эмес. Бирок жергиликтүү жигиттер ишин татыктуу аткарып жатышат. Адилет Жаныбеков Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынан.
Учурда карьердик самосвалдын оператору болуп иштейт. Ал “темир дөөнү” башкарууну тез жана мыкты өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө Адилет бийик тоо шартында иштеген заманбап унаалардын ичинен эң ири деп эсептелинген техниканы башкарат. Анын самосвалынын кузовуна 150 тоннадан жогору алтын кен жүктөсө болот.
– Чынын айтсам, ушундай алп техниканы башкара алганыма сыймыктанам. Албетте, окуусун окугам. Ичи жалаң электроника да, окубасаң болбойт. Билимиң болбосо башың жетпейт. Мен азыр биздин өлкө үчүн уникалдуу адисмин, – дейт Адилет.
Биздин мекендештерибизди ойлондурган дагы бир маселе “Кумтөрдүн” сатып алууларына байланыштуу. Айрымдар ишкана жергиликтүү компаниялар менен иштешпей, сатып алууларын жалаң сырт жактан ташып келет деген пикирде.
– Чет жерден сатып алууга аргасыз болгон товарлар бар. Мисалы, жергиликтүү камсыздоочулар бизди тоо техникасы жана ага тиешелүү реагенттер менен тейлей алышпайт, – дейт сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Сыргак Самудинов. – Ошого карабастан биз алар менен кызматташып келебиз жана иштешүү деңгээли жылдан-жылга өсүп жатат. Мындан эки жыл мурун жергиликтүү жана чет элдик ишканалар менен иштешүү пайызы теңметең болсо, учурда кыргызстандыктар менен иштешүү дагы беш пайызга өстү. Беш пайыз аз көрүнгөнү менен акча эквивалентине которгондо эсеп он миллион доллар менен саналат.
Андан тышкары компания кыргызстандык камсыздоочуларды кызыктыруу максатында ар кандай сынактарды тынымсыз өткөрүп турат. Акыркы 18 айдын ичинде 60тан ашуун сынак өткөрүлүптүр. Болжол менен айына төрттөн конкурс. Талапкерлердин кимиси менен кызматташып, кимисин тим коерун компаниянын ар башка бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия чечет. Алар ар бир сунуштун баасы менен сапатына көңүл бөлүп, дыкат изилдеп чыгышат.
Ошол эле учурда компания кызматкерлеринин пикири боюнча, өлкөдө өндүрүш өнүккөн болсо, жергиликтүү компаниялар менен иштешүүнүн көлөмү кыйла тез көбөймөк.
Эгер Кыргызстанда химиялык өндүрүш, өзгөчө цианид жана каустикалык соданы өндүрүү жолго коюлган болсо, “Кумтөр” анын бардыгын жергиликтүү камсыздоочулардан дүңү менен сатып алмак. Себеби транзиттик зоналардан өткөрүү үчүн уруксат кагаздарын чогултуу зарыл, анан албетте ал арзанга турбайт. Ушунун баарын бизден сатып алуу биртоп жеңил болмок. Бул алтындын өз баасын төмөндөтмөк, демек, бюджетке которгон каражаттын көлөмү да өсмөк. Кантсе да химиялык өндүрүштүн өнүгүүсүнө старт берүү азыр деле кеч эмес. Анткени ансыз тоо өндүрүшү бир орундан жылбай тура берет, – дейт алтын иштетүү фабрикасынын менеджери Руслан Рыскулов.
Асел АСАНОВА
«Жаңы Агым»