Жарыяланган: 05 September 2013
Республиканын балдар китепканалары кыргыз тилиндеги жомоктордун жыйыны менен толуктанды. Жайында «Кумтөр» ишканасы Кыргыз Республикасынын балдарга билим берүү мекемелерине таратуу үчүн түстүү сүрөттөлгөн 5 400 китепти «Роза Отунбаеванын Инициативасы» Эл аралык Коомдук Фондуна бекер тапшырып берди.
«Кыргыздын кереметүү жомоктору», «Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор», «Эр төштүк» эпосу сыяктуу жомоктордон түзүлгөн 9 китептен турган алты жүз комплекти Фонд жайдын башында эле тарата баштаган. Китептердин бир бөлүгү Чүй, Ош, Баткен жана Нарын областтарынын бала-бакчаларына берилди.
Жомоктордун сериясы «Раритет» басмасы тарабынан «Кумтөр» ишканасынын колдоосу менен «Окурман Кыргызстан» китеп окууну пропагандалоо программасынын алкагында чыгарылган. Бул Компаниянын мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна билим берүүгө жана тарбиялоого колдоо көрсөтүү максатында кошкон салымы.