Жарыяланган: 28 December 2012
2012-жылдын 18-декабрында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын 2011-жылдагы ишмердүүлүгүнүн кезектеги көчмө салык текшерүүсү аяктады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөргө контроль боюнча башкармалыгы тарабынан текшерүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын кандайдыр-бир олуттуу бузуулар табылган жок.