Жарыяланган: 24 April 2025
Эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен 28-апрель – Эмгекти коргоо жана коопсуздук күнү катары расмий түрдө негизделип, 2003-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет.
Бул күнү дүйнө жүзү боюнча жумуш ордунда коопсуздукту камсыздоо маселелерине көңүл бурулат. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакытбек Майлиев Кыргызстандагы эң ири жана татаал өндүрүш ишканаларынын биринде эмгекти коргоо кандай уюштурулуп жатканы тууралуу айтып берди.
— Ишкана кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын айтып берсеңиз?
Бүгүнкү күндө тоо-кен өнөр жайында эмгекти коргоо жөн гана формалдуулук болбой калган. Бул дубалда илинген жөнөкөй нускамалар же баштагы каска гана эмес — бул масштабдуу, көп катмарлуу система, анда ар бир элемент, ар бир кызмат, ар бир адам, өндүрүш процессиндеги ар бир бөлүк негизги ролду ойнойт.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому үчүн эмгекти коргоо — бул ишмердүүлүктүн негизи, өндүрүштүк маданияттын ажырагыс бөлүгү, стратегиялык артыкчылык жана ар бирибиздин күнүмдүк жоопкерчилигибиз.
— «Ар бирибиздин жоопкерчилигибиз» дегенге кененирээк токтоло кетсеңиз? Коопсуздук үчүн атайын жооптуу бирөө барбы? Же бул жоопкерчилик компаниянын бардык кызматкерлерине жүктөлгөнбү?
– Негизи «Өндүрүштүк коопсуздук» дегенде эле биринчи кезекте оюбузга ачык карьер, жардыруу иштери, тоо-кен машиналары, оор техника келет эмеспи. А бирок чындыгында коопсуздук техникасы – бул алардан алда канча алдыда турат.
Штатка кимдерди алышат? Аларды ким окутат? Кимдер техниканы башкарат? Ишке чыгаар алдында аларды ким текшерет? Чогултуу жана оңдоо иштеринин коопсуздугун кимдер көзөмөлдөйт? Жардыруучу блокторду кимдер дүрмөттөйт? Кимдер запастык бөлүктөрдү, күйүүчү майды, дөңгөлөктөрдү жеткирет? Кампалардын, орун-жайлардын, жарыктандыруунун, суунун, жылуулуктун абалын кимдер көзөмөлдөйт? Кимдер нускамаларды өткөрүп, медициналык кароолорду уюштурат, персоналдын абалын ким көзөмөлдөйт?
Жообу жөнөкөй — баардыгы бирдей катышат! Вахталык автобустун айдоочусунан баштап техникалык тейлөө адисине, экологдон электрикке, ашкана кызматкеринен IT операторуна, инструктордон камсыздоочуга чейин — баары чогуу ишке ашырат. Буларды — эмгекти коргоонун «көзгө көрүнбөгөн каармандары» десек болот.
Бизде коопсуздук маданияты – тартиптик жазага тартылуу коркунучуна эмес, өзүңө, кесиптештериңе, ишиңе болгон сый-урматка негизделген. Кумтөрдө бул миңдеген майда нерселерден ачык байкалат. Мисалы: машинада коопсуздук курун тагынганыңда, ыргытылган таштандыга кайдыгер карабаганыңда, кесиптешиңе коргоочу көз айнегин кийүүнү эскерткениңде, эгер коркунучту көрсөң «Токто!» деп айтуудан тартынбаганыңда, айтор ушул сыяктуу нерсенин баары чоң маданият. Башкача айтканда, ар бир кыймыл-аракет жалпы атмосфераны калыптандырат жана эмгекти коргоо эрежелери «КЕРЕК» эмес, «МААНИЛҮҮ» катары кабыл алынат.
— Бирок кандайдыр бир стандарттар бар да? Мисалы, кызматкер кайсы учурда кесиптешине туура эмес аракеттерди же мүмкүн болуучу коркунучту эскерте алат?
– Кумтөрдө эмгекти коргоо эл аралык стандарттарга негизделип, үзгүлтүксүз аудиттер жана ички текшерүүлөр, тренингдер, авариялык кырдаалдарды симуляциялоо, өрткө каршы машыгуулар, заманбап жеке коргонуу каражаттары, мониторинг жана отчеттуулук үчүн санарип шаймандары, коопсуздук жаатындагы демилгелер үчүн сыйлоо системасы сыяктуу иш-аракеттер менен коштолот.
Андан тышкары, кен жайда адам факторун азайтуучу технологиялар баскычтуу түрдө киргизилип жатат. Мисалы: видео көзөмөл, кагылышууларды эскертүү системалары, процесстерди автоматташтыруу, техниканы аралыктан башкаруу ж.у.с.
Коопсуздук — бул техника да, документтер да эмес. Бул, биринчи кезекте, адамдар. Алардын көңүл буруусу, тартиби, даярдыгы жана жоопкерчилиги. Дал ушул себептен биз биринчи кезекте окутууга, диалогго, кайтарым байланышка жана ишенимге инвестиция салабыз.
Бардык кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу программаларына, коопсуздук боюнча тренингдерге, алгачкы жардам көрсөтүү курстарына катышууга, жаңы келгендер үчүн устаттык колдоо көрсөтүүгө дайым даяр. Биз жөн гана эрежелерди үйрөтпөйбүз — биз аң-сезимдүү түрдө коопсуздук маданиятын калыптандырууга аракет кылып жатабыз.
– Сиздердин компанияда бул күн адатта кандай белгиленет? Кандайдыр бир акциялар өткөрүлөбү?
Чынында бул күн календардагы жөн гана дата эмес. Эч кандай пландар, бюджеттер жана көлөмдөр адам өмүрүнө татыбайт деген эң негизги нерсени эскерткен абдан маанилүү күн. Ошондой эле Эмгекти коргоо күнү рахмат айтууга себепчи болгон өзгөчө күн жана бул күнү биз:
Учурдан пайдаланып, коопсуздукту милдет эмес, жашоо образы катары кабыл алган Кумтөрдүн ар бир кызматкерине терең ыраазычылык билдирем!