КООМДУК ТАМАКТАНУУ КЫЗМАТЫНА 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин коомдук тамактануу кызматына тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кулинария тармагында билим алуу;
- Социалдык көндүмдөр жана командада иштей билүү;
- Кесиптик өсүүгө жана жаңы көндүмдөрдү алууга умтулуу;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Ар кандай тамактарды даярдоо үчүн даярдыктарды жүргүзүү (жашылча-жемиштерди тазалоо жана кесүү);
- Тамактарды даярдоодо ашпозчуларга жардам берүү;
- Ашкана жабдууларын жана идиш-аяктарды таза кармоо;
- Конвейердик идиш жуугуч машина менен иштөө;
- Ашпозчу же тамактануу координаторунун тапшырмаларын аткаруу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.