АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАНЫНЫН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАНЫНЫН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

Жарыяланган: 18 April 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.

«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин Алтын ылгоочу фабриканынын өндүрүш бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Түстүү металлургия», «Пайдалуу кендерди байытуу»;
  • Ишти жумушчу жана өндүрүштүк нускамаларга ылайык аткаруу;
  • Материалдар жана реагенттер менен коопсуз иштөө боюнча нускамаларды үйрөнүү жана аткарууну көзөмөлдөө;
  • Өндүрүштүк жана эмгек тартибин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы эрежелерин сактоо;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо. 

Милдеттер:

  • Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу;
  • Ички эмгек тартиби жана коопсуздук техникасы эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин көрсөтмөлөрүн аткаруу;
  • Купуя маалыматты сактоо.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика;
  • Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
  • Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
  • График – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.

Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.