АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАНЫНЫН ПЛАНДОО ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин Алтын ылгоочу фабриканынын пландоо жана инжиниринг бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун техникалык адистиктеринин 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат);
- Microsoft Office жана AutoCAD программаларын ишенимдүү колдонуучу;
- Англис тилин билүү артыкчылыкка ээ;
- Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- AutoCAD программасында чиймелерди аткаруу;
- Документация менен иштөө;
- Иш ордерлерин архивдөө;
- АЫФ жабдууларынын күнүмдүк инспекциялары.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.