РУДНИКТИ ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин рудникти тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү адистиктер боюнча: инженер-куруучу, өнөр жай жана жарандык курулуш, архитектура, имараттарды долбоорлоо, сейсмостойку курулуш жана тектеш багыттар;
- Англис тилин билүү (каалоо);
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, аткаруучулук;
- Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык.
Милдеттер:
- Компаниянын жоболорун (саясаттарын), СНиПтерди, ГОСТторду жана долбоорлоо үчүн программалык комплекстерди өздөштүрүү жана үйрөнүү;
- Технологиялык жабдуулар жана алардын долбоорлоосу менен таанышуу;
- Геодезиянын жалпы түшүнүктөрүн үйрөнүү;
- Курулуш устаттарынын, техникалык көзөмөл инженерлеринин, пландоо инженерлеринин, кран бөлүмүнүн адистеринин, механиктердин, электриктердин, сантехниктердин, жыгач усталардын жана подряддык уюмдардын иши менен таанышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.